Мамыр шыбак

Википедия дан

Мамыр шыбак (Artemisia viri­dis) — татаал гүлдүүлөр тукумундагы шыбак уруусунун бир түрү.

Көп жылдык чөп. Тамырынан бийиктиги 6— 56 см болгон бир нече сабак өсүп чыгат. Жалбырактарынын жалпы узундугу 1,5—5 см, туурасы 1—2,5 см, бир же эки ирет канаттай тиликтуу жазы саптуу. Себетчесиндеги четки гүлдөрүнүн энелиги гана бар, ортоңкуларынын энелиги да, аталыгы да болот. Топ гүлү — манжадай, машактай же шыпыргыдай. Мамыр шыбак республиканын бийик тоолуу райондорундагы боздоңдордо кеңири таралган.

Жер жүзүндө Скандинавияда, Евразиянын европалык бөлүгүндо, Батыш жана Чыгыш Сибирде, Орто Азияда кездешет.

Колдонулган адабияттар =[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.