Манаска ат коюу

Википедия дан

Манаска ат коюу — сюжеттин белгилүү варианттардын бардыгында жолугуучу маанилүү деталы.

Балалуу болгондон кийин пейили оңолгон Жакып зарлап күткөн тилегим кабыл болду деп баарда чоң той бермек болуп, көп жерден түрдүү эл чакырат. Тойдо ат чабылып, балбан күрөш жана башкалар тамашалар болуп, келгендер Жакыптын салтанатына, байлыгына таң калышат. Ою бузуку калмак, манжулар бул туулган бала тегин бала эмес, той соо той эмес! — деп күбүр-шыбыр кылышат. Той тарап, келген эл жай-жайына кайтат. Бай Жакып казак, кыргыз, катаган, кыпчактын билермандарын, акылман карыларын алып калып, кымкаптан сарпай кийгизип, жолдугун жасагандан кийин баласын этегине салып, элдин алдына келип отургандарга ат коюп беришин суранат. Ат асмандан дечү эле, балама жакшы ат коёр бекен деп тынчсызданып Чыйырды ат койгон адамдарга берер белегин камдап кошо келет. Отургандар балага ылайыктуу ат таба албай, бири-бирин карап туруп калышат. Аңгыча колунда асасы бар, ак күлөлүү думана пайда болуп, отургандардан уруксат алып, баланын аты Манас болсун, ар балаадан калас болсун — деп ат коюп кол жайганда ал жердегилер бүт бата кылышат. Кай кеткени белгисиз думана көздөн кайым болот.

Туулганда баатырга арнап чоң той берүү, анын жөн той эместигинен душмандарынын шекшинүүсү, балага ылайыктуу ысым ыйгара албай чогулгандардын кыйналышы жана балага атты касиеттүү карынын коюшу белгилүү сюжеттерден. Ат таба албай ак сакалдуу көгала сакалды карады, көгала сакал кара сакалды карады, кара сакал боз балдарды карады, боз балдар алды алдынан тарады деген үлгүдөгү сүрөттөмө жөө жомоктордон тартып, эпосторго чейин кеңири жолугат.

Радлов жазып алган вариантта балага төрт пайгамбар-кожо Манас деп ат койгону эскерилет. Саякбай Каралаевдин вариантында да Жакып кубанып көп эл чакырып, чоң той берет. Анын сөөлөтүнө, байлыгына таң калган калмактар чочулашып, Эсенканга киши жиберип кабар кылышат. Балалуу болсо бардык эле адам той берет, анын эмнесин мага кабарлайсыңар деп ал көңүл бурбай коёт. Сюжеттин маанилүү деталы болгон балага ысымдын кандайча коюлганы айтылбаганы менен баланын аты Манас болору, калмактарга Чоңжинди деп угузуулары бир нече жолу (Жакып көргөн түштө, сүйүнчүлөп барган Акбалтанын сөзүндө) эскерилет.

Балага чыныгы жана жардамчы эки ысымдын берилиши байыртан эле кеңири жайылган салттардан. Эркек бала эрезеге жетип, өз алдынча эрдик иш иштөөгө жараганда (кан төгүп, баш кескенде) иштеген иштерине жараша чыныгы ысымын ыйгаруу адаты менен узак убакыт баласыз жүргөн, же баласы токтобогон ата-эненин баланы ар кандай кырсыктардан сактоо үчүн чыныгы атын айтпай, башка угууга комсоо, кулакка жагымсыз ат менен (Бокмурун, Чоң Жинди) атоо ырымдары белгилүү сюжеттерден.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4