Манас Алмамбеттин келгенине той бергени

Википедия дан

Манас Алмамбеттин келгенине той бергениАлмамбетке арналган бөлүмдүн жыйынтык окуясы.

Алмамбеттин келгенине арнап баш куттуктаганым деп Манас сегиз уруу эл чакырып чоң той берет. Тойдо түркүн таң-тамашасы болуп, ат чабышта Көкөтөйдүн Мааникери чыгып келет. Акыл-эстүү кыз болсо Алмамбетке алып берсем деп ойлогон Манас алыстан келип конуп калган элди кыдырып, Алмамбетке ылайыктуу кыз сураштырып кеткенде, аны издеп Жакыптыкына эки барып, Алмамбет Манасты таппайт. Карабөрктүн ордосуна барып баатырды сураса Карабөрк кайда жүрмөк эле, канышынын үйүндө жаткандыр дейт. Анын какшыгын түшүнбөй калган Алмамбет канышы ким? — деп кайра сураса, Карабөрк аны шылдыңдап Акылай деген жеңеңди биле элек белең, ошонун үйүнөн кара дейт. Анын орой, адепсиздигине иренжип нааразы болгон Алмамбет Акылайдыкына келип Манасты сураса ал баатырың байбичесинен чыга албай жаткандыр дейт. Манастын аялдарынын жоругун көргөн Алмамбет Манас баатыр азырынча бойдок экен го — деп, бушайман болот. Алмамбет Жакыптыкына барганда Манас да келип, кайда жүргөнүн сураган атасына Алмамбетке ылайыктуу кыз сураштырып жүргөнүн айтат. Аны уккан Алмамбет жылмая күлүп Баатыр ойлоп иш кыл, эки катыным бар дегениң менен өзүң да бойдок экенсиң дейт. Алмамбеттин бул сөзү ырас — деп Манас тетири бастырып кетти.

Эпизод Радлов жазып алган вариантта жок, бирок Алмамбет келгенде Жакыпка кабар берилип, ал тойго камынганы эскерилет. Буга караганда Алмамбеттин келгенине арнап той берүү эпостогу мурдатадан белгилүү окуялардын бири.

Саякбай Каралаевдин  вариантында той эскерилбейт. Шапак Рысмендеевдин вариантында, Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында,Багыш Сазановдун вариантында жана башка манасчылардын варианттарында бул эпизод негизинен Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын айтылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4