Манас жыйноо

Википедия дан

“Манас” жыйноо – эл арасында таланттуу манасчылардын айтып бергени боюнча кыргыздын улуу эпосун кагазга же кино тасмага түшүрүү. Бул иш казак аалымы, агартуучу, тарыхчы, этнограф, фольклорист, орус географиялык коомунун мүчөсү Чокон Валиханов (1835-65) тарабынан башталган, ал 1856-жылы кыргыз жерине келип “Манасты” угат жана “Көкөтөйдүн ашы” бөлүмүн жазып алат, аны кимден жазып алганын көрсөтпөйт. Ошону кара сөз түрүндө 1904-хылы Орус географиялык коому жарыялаган. Кийинки түрк элдерин изилденген окумуштуу академик В.В.Радлов (1837-1918 ) кыргыз жерине эки жолу (1868, 1869) келип, “Манастын” айрым үзүндүлөрүн жыйнаган да, ал материалдарды 1885-жылы чыккан “Түндүк түрк урууларынын эл адабияттарынын үлгүлөрү “ деген эмгегинин 5-томуна киргизген. Октябрь төңкөрүшүнөн соң, бул ишке Ыбырайым Абдрахманов (1885-1967) активдүү киришкен. Ал 1922- жылдан тартып Сагымбайдын, Саякбайдын, Тоголок Молдонун, Акматтын айтуусундагы варианттарды жыйнаган, Каюм Мифтаков (1892-1949) болсо, кыргыз фольклору боюнча 700 тексттер басма табакка жакын материал топтогон, анын ичинде “Манас” боюнча да көп болгон. Булардан соң эпос коллективдүү түрдө атайын уюмдашкан топтор (Кыргыз Республикасынын илимдер академиясынын кол жазмалар фондусунун, “Манас бөлүмүнүн окумуштуулары, мугалимдер, студенттер, окуучулар, журналисттер ) тарабынан системалуу жана пландуу түрдө жазылып алына баштады. Азыркы учурда эпостун толугу жана үзүндүсү болуп, жетимишке жакын варианты жыйналган.

Дагы кара[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ж..Шериев, А.Муратов. “Адабият. Терминдердин тушүндүрмө сөздүгү”