Мардикерлер

Википедия дан

Мардикерлер (фарсча мард — киши, кэр, гэр — жумуш дегенден)

1) феодалдык доордо Орто Азияда борбордук (кан, эмир) же жергиликтүү өкмөттүн буйругу боюнча кара жумушка чегилгендер, ошондой эле ири жер ээсинин жерин иштеткен дыйкандар.

2) Биринчи дүйнөлүк согуш мезгилинде Россиянын чет жакасынан оорукта жумуш иштөө үчүн мажбурлап жөнөтүлгөн эркектер. Падыша Николай Инин буйругу (1916, 25-июнь) боюнча Сибирь, Казакстан, Орто Азия менен Грузиянын жериликтүү элдеринен 19— 43 жаштагы 400 миң эркек (250 миңи түркстандык) эмгек армиясына алынаары жарыяланган.

Бул буйрук калктын нааразылыгын туудуруп, Орто Азияда жанa Казакстанда 1916-ж. көтөрүлүш чыккан. Мардикерлерди жөнөтүүдө жергиликтүү төбөлдөр Россия падышасына чоң жардам көрсөткөн. Түркстандан 1917-ж. февралга чейин алынган 123 миң ки­ши Россия, Украина, Белоруссия, Кавказдын көп шаарында иштеген.

Большевиктер партиясынын жардамы менен Мардикерлер революциячыл ишке аздыр-көптүр аралашкан. Падыша өкмөтү кулагандан (1917, февр.) кийин Убак- тылуу өкмөт Советтердин талабы боюнча Мардикерлерди таратууга мажбур болгон. Алардын кайтып келиши өлкөнүн жер-жерлеринде революциячыл кыймылдын дагы жогорулашына өбөлгө түзгөн. Айрыкча Туркстан жумушчу-дыйкандарынын революциячыл көз карашынын күчөшүндө зор роль ойногон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.