Мария Кюри
Мария Саломеа Склодовская-Кюри, пол. Maria Salomea Skłodowska-Curie - (07.11.1867-ж-04.07.1934-ж.) - радиоактивдүүлүк боюнча алгачкы илимий изилдөө жүргүзгөн поляк улутундагы белгилүү француз физиги жана химиги. Нобель сыйлыгын алган биринчи аял, эки жолу алган биринчи киши жана биринчи аял, эки башка илим боюнча алган жалгыз киши жана беш Нобель сыйлыгын алган үй-бүлөнүн мүчөсү.
Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]
Нобель сыйлыгынын эки жолку лауреаты - 1903-ж. физика жана 1911-ж. химия боюнча.
Эмгеги[оңдоо | булагын оңдоо]
Күйөөсү Пъер менен бирдикте радий (лат. radium - нурлуу) жана полоний (лат. polonium - польский - туулган жеринин наамынан) элементтерин ачкан. Ал Парижде жана Варшавада Кюри институттарынын негиздөөчүсү.
Өмүр баяны[оңдоо | булагын оңдоо]
Польшанын борбору Варшава шаарында төрөлгөн, кичинесинен энесинен жана эжесинен ажырап калган. Бирок, кайгыга чөмүлүп калбастан, абдан тырышып билимин жогорулаткан. Ал убакта аялдар билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болбогондуктан, тарбиячы - губернантка болуп иштеп, 24 жашында туугандарынын жардамы менен Сорбоннага, Парижге келип, химия менен физиканы үйрөнө баштаган. Мээнетинин акыбети кайтып, бул университеттин тарыхында алгачкы айым - окутуучу болууга жетишкен. Болочок жолдошу Пъер менен ушул жерде таанышкан.
Өмүрүнүн аягы[оңдоо | булагын оңдоо]
Склодовская-Кюри 1934-жылы радиоактивдүү изопоттор менен иштөөдө коргонбогондуктан, лейкемия оорусуна чалдыгып, ошондон каза тапкан. Талисман катары радийдин ампуласын төшүнө илип жүрүүсү да таасирин тийгизбей койгон эмес.
Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]
- Шоокум журналы. №3 20-март 2008-жыл.