Маша жана Аюу

Википедия дан
Маша жана Аюу
Маша и Медведь
Жанры

балдар үчүн телеберүү сериялы и computer-animated television series

Режиссёру

Олег Кузовков,
Олег Ужинов,
Наталья Мальгина

Продюсери

Дмитрий Ловейко,
Олег Кузовков

Сценарийдин
автору

Олег Кузовков

Негизинде

Маша жана Аюу

Үн
коштогондор

Алексей Борзых, Роман Козич, Павел Антоненков, Марина Антонова, Ольга Баулина, Павел Барков, Пётр Барков, Александр Якименко, Александр Гончаров, Марина Нефёдова, Майя Хиггинс, Максим Гринац, Леон Эстрин, Сергей Луценко, Арсен Хачатурян

Композитору

Василий Богатырев

Студиясы

Animaccord

Өлкө

 Орусия

Тили

орус тили

Узактыгы

6-8 мүнөт

Жылы

7-январь, 2009-жыл — азыркы учурда

Кирешеси

147 174 доллар (АКШ)

IMDb

ID 1884856

mashabear.ru
Masha and the Bear (animated television series)

Маша жана Аюу (орус. Маша и Медведь) — Animaccord анимациялык студиясы тарабынан түзүлгөн, жалпы аудиторияга багытталган орусиялык анимациялык сериал. Шоу 2009-жылдын 7-январында башталган. Мультфильм 3D графикасынын жардамы менен түзүлгөн.


" Карусель ", " Мульт ", " Ишемби " жана башка телеканалдарда көрсөтүлөт .2011 - жылы орус элинин жана башка жомоктордун негизинде 26 эпизоддон турган " Жомок машиналары " деп аталган биринчи спин-офф жарык көргөн. 2014-жылы " Машанын коркунучтуу окуялары " аттуу экинчи спин-офф жарык көргөн.2019-жылдын 31-майында 4-сезон "Ыр машиналары" деген ат менен башталган.2020-жылдын 30-июлунда 5-сезон 4K резолюциясында [1] башталды .2021-жылдын 16-июнунда Animaccord студиясынын өкүлдөрү 2025-жылга чейин Маша менен Аюунун жоруктары тууралуу толук метраждуу анимациялык тасманы чыгаруу ниетин билдиришкен [2] [3] .2022-жылдын 9-ноябрында 15-декабрдан тарта биринчи жолу Маша менен Аюуну чоң экрандардан көрүүгө болору айтылган. "Animaccord" студиясынын кинодолбоору " Маша менен Аюу кинодо: 12 ай " [4] деп аталды .

Жаралуу тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Маша менен аюу» кичинекей балдардын аудиториясына арналган. Үч көлөмдүү графикада тартылган мультфильмди алгач 2009-жылы жаш көрүүчүлөр “Түнүңөр бейпил болсун, балдар” берүүсүнөн көрө башташкан. Мультфильмдин автору – Олег Кузовковдун мультипликацияда 20 жылдык иш тажрыйбасы бар. “Маша менен аюу” мультсериалын жаратуу идеясы ага мындан 14 жыл мурун Крымда эс алып жүргөн кезинде келген. Ал тууралуу Олег мындай дейт: “Пляжда эч нерседен тартынбаган кичинекей шок кыз бар эле. Кыз бүт чоңдорду сууга секиртип, токойдо издеттиргенине күбө болдум. Акыркы күндөрү анын ата-энеси кызынын ар бир баскан кадамын аңдып калышкан болчу. Бир чети кичинекей кыздын шоктугуна күлкүм келсе, бир чети ата-энесине боорум ооруган. Ошондо ошол шок кыз жөнүндө күлкүлүү бир мультфильм жараткым келген. 2007-жылы демөөрчүлөрдү таап, колдоо алганда гана планымды ишке ашырууга кириштим”,- дейт. Демек, мультфильмдеги Машанын чыныгы жашоодогу прототиби бар.

Аюуну тажаткан тентек Маша[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Маша – жаны жай албаган тентек кыз. Ал жакын досу аюуга эч тынчтык бербейт. Чыр мүнөз, чыдамы жок, чектен ашкан шок жан. Этиятсыздыгынын айынан дайыма ар кандай кооптуу абалга түшүп калмай жайы бар. Мындай абалдан аны жакын досу аюу дайыма куткарат. Маша оюна эмне келсе, ошону ишке ашырмайынча көңүлү тынчыбайт. Кызыккан суроолоруна канааттандырарлык жооп алмайынча аюунун жинине тийгени тийген. Андан сырткары таттууну, аюунун сыйлыктары жана кубоктору менен ойногонду жакшы көрөт. Ал эми аюунун мүнөзү токтоо, ак көңүл. Өмүр бою циркте иштеп жүргөн, учурда пенсиядагы ардагер. Сыйлыктары менен кубоктору – циркте иштеп жүргөндөгү ийгиликтери. Тынчтыкты жана ыңгайлуулукту сүйөт. Машанын бир жерге отуралбас мүнөзүнүн айынан дайыма жабыр тартып келет. Аюу Машадан баш тарта албайт, анткени ансыз жашоосу супсак. Чыдамы түгөнүп баратса да, Машадай досу бар экенине ыраазы болот.

Эл аралык деңгээлге чыга алган[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизи, аталган мультсериалды 3төн 9 жашка чейинки кичинекей балдар үчүн деп болжолдошкон. Бирок мультфильм жаратуучуларды ата-энелер да калтырбай көргөнү таң калтырган. “Түнүңөр бейпил болсун, балдар” берүүсүнүн көрүүчүлөрүнүн 24 пайызы гана балдар, ал эми 76 пайызы чоңдор болуп чыккан. Бул да болсо мультфильмдин чоңдор арасындагы популярдуулугунан кабар берет. Мындан сырткары француз, испан, кыргыз, эстон, латыш, литва тилдерине которулган. Эл аралык деңгээлге чыга алган “Маша менен аюу” мультфильми 1 жарым жыл аралыгында 16 сыйлык алган.

Авторлордун билдирүүсүндө, мультфильм Европада жакшы кабыл алынууда. Анткени анимация дүйнөсүндө классикага айланган “Том менен Жерри”, “Сениби, шашпа!” мультфильмдери диалогдук түрдө эки адамдын сүйлөшүүсү аркылуу алардын кыймыл-аракетин берсе , “Маша менен аюуда” диалог жок. Аюу эмоциясын ымдап, мимика жана клоундук аракеттери менен гана түшүндүрө алат. Анимацияда клоунада эң татаал болуп эсептелет. Бул режиссёрдон бир топ түйшүктүү эмгекти талап кылары анык.

Ал эми Кыргызстанда жеке ишкер Жыргалбек Ажиматовдун котормо борбору "Жыргал Медиа" тарабынан 2010, 2011-жылдары 20 сериясы кыргызчаланган. Кыргыз коомчулугу кыргызча котормолорун аябай кызуу кабыл алышкан жана калктын басымдуу көпчүлүгү оң баасын берип келишет. Машанын үнүн коштогон Жыргалбек кызы Акбермет. Которгон жана даярдаган Жыргалбек Ажиматов. Кыргыз телеканалдары да "Жыргал Медиа" борборунда кыргызчаланган "Маша жана Аюу" мультфильминин серияларын эфирден берип турушат.

Алган сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Мультивидение» фестивалында «Балдар үчүн мыкты фильм» наамын алган.
  • Вильнюс шаарындагы "Tindirindis-2009” Эл аралык анимациялык фестивалында “Креативдүү юмор” наамы боюнча диплом менен сыйланган.
  • Улуу Британияда «БАФ-2009» сыйлыгынын “Мыкты телевизиондук мультсериал” наамы боюнча сыйлык алган.
  • «Суздаль-2010» анимациялык фестивалынын «Балдар үчүн мыкты фильм” наамынын жеңүүчүсү.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Маша жана Аюу. "Бүгүн кир жууйбуз" [1]

Маша жана Аюу. "Бул кимдин изи?" [2]

Маша жана Аюу. "Музыка - менин жашоом!" [3]