Машина куруу монополиясы

Википедия дан

Машина куруу монополиясы - капиталисттик өлкөлордө (жалпы машина куруу). Өнөр жайы өнүккөн капиталисттик өлкөлөрдүн жалпы ма­шина куруу тармактарында (металл иштетүү, металлургия, энергетика, курулуш, айыл чарба, химия, нефть, текстиль, булгаары, полиграфия жабдуулары ж. б.) бир катар ири монополиялар бар.

Металлургия машинасын курууда АКШнын 4, ГФРдин 5, Улуу Брита­ния, Франция жанa Япониянын Зтөн монополиясы алдыңкы орундарда.

Швейцариянын «Броун, Бовери», ди­зель куруучу «Зульцер» жанa Франциянын «Шнейдер» концерни энер­гетика жанa электр-техника жабдууларынын басымдуусун даярдайт.

Атом реакторлорун өндүрүү боюнча Амернканын 4 монополиясы, башка өлкөлөрдүн (ГФР, Улуу Британия, Франция, Италия, Япония ж. б.) 12 компаниясы белгилүү. Трактор даярдоо боюнча да басымдуу үлүш негизги капиталисттик өлкөлөрдөгү үркөрдөй эле монополияларга таандык. Жалпы маши­на куруунун бир катар тармактарында монополиялаштыруу деңгээли анча жогору эмес. Мис: станок жанa темир-пресс жабдууларын даярдоочу жүздөгөн компания бар, булардын ичинен анча-мынчасы эле ирилердин катарына кошулат. Жалпы машина куруу тармагындагы (электр-техника, тран­спорт, машина куруу ж. б.) бир нече монополия (айрыкча американын) капиталды тышка чыгарып, өнөр жай өнүккөн капиталисттик өлкөлөрдө, ошондой эле өнүгүп келе жаткан мамлекеттерде ишкана филиалдарын жанa белүмдөрүн курууда. АКШнын монополиялары Батыш Бвропада, мындан тышкары Азия, Африка жанa Латын Америкасынын бир топ өлкөлөрүнүн трактор куруу жөнүндө көбүрөөк орун алууда.

Жол курулуш жабдууларын жана гусеницалуу трактор чыгаруучу Американын «Катерпиллар трактор» компаниясынын айрым өлкөлөрдө бөлүмү бар. Жалпы машина куруу монополияларынын продукциясы көбүнчө тышкы рынокко чыгарылат. Машиналар Блогу, стандарттуу блок, ЭЭМ ячейкасы — бир же бир нече негизги элемент (триггер, вентил, күчөткүч) же ЭЭМдин айрым түйүнү (каттагыч, сум­матор ж. б.) монтаждалып, өз ара алмашылма жанa чыгарып алынма конструкция. ЭЭМдин ар бир түзүлүшү же түйүнү типтүү блок, субблок деп аталган блоктордон турат. Машиналар Блогу ажыратылма кылып кээде шассиге данекерленет. Блок принцибин колдонуу машинанын милдети боюнча айырмаланган түйүндөр менен түзүлүштөрүн бир нече типтүү блоктордон түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Машиналар блогу конструкциялоонун майда жанa ири блоктук принциби бар. Майда блоктук принцип боюнча машиналар блогу бир же бир нече негизги элементтен түзүлсө, ири блоктук принципте машиналар блогу машинанын бир бөлүгүн же бүтүндөй бир түйүнүн түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.