Мазмунга өтүү

Медет датка Байтүгөл (Байтурган) уулу

Википедия дан

Медет датка Байтүгөл (Байтурган) уулу (болжол менен 1778(79)–1839, Ак-Учук, Кочкор өрөөнү) – саяк уруусунан чыккан саясий ишмер, таанымал бий, датка.
Түндүк Кыргызстандагы таасирдүү адамдардын бири. Кокон хандыгы жана Цин империясы аны менен мамиле түзүүгө кызыкдар болгон. Медет датка Кокон хандыгы менен дипломатиялык байланыш түзүүнү туура көрүп, Омор хандын (1809–22) тушунда кыргыз бийлери менен бирге ордого чакырылган жана ага датка наамы ыйгарылган. Кыргыз санжыраларында жалган жалаа менен Кокондогу зынданда жаткан Алдаш баатырды өлүмдөн сактап калганы айтылат. Мадали хандын мезгилинде кокондуктардын эзүүсү ашкере күчөгөнүн көргөн Медет датка аларга чечкиндүүлүк менен каршы чыккан. Ошондуктан аны кокондуктар уулантып өлтүргөн деген маалымат бар. Медет датканын өздүк туусу жана мөөрү болгон.
Саяк уруусунун курманкожо уругунан. Өз мезгилинин абройлуу чыгаан мамлекеттик ишмери катары таанылган. Кыргыз элинин үрп-адат, мыйзамдарын акылдуулук менен колдонгон, калыс, акыйкат эл башкаруучу катары «Чоң Медет» деген атак алган. Эл алдында макал-ылакап аралаштыра таасын сүйлөй алган чоң чечен болгон. Кыргыз элинин биримдикте ынтымакта жашашы үчүн бардык мүмкүнчүлүгүн жумшаган. Кыргыз уруу башчыларын нараазычылыктарды маңдай-тескей отуруп чечүүгө чакырган. Медет датка менен мамилелеш болууга Кокон хандыгы да кызыккан. Омор хан (1811-22-ж. бийлеген) Медет датканы кыргыз бийлери менен бирге атайылап ордого чакыртып сый-урмат көрсөткөн. Медет бийге датка наамын ыйгарып, атайын туу жана артыкча укук берүүчү жарнама тартуулаган. Медет датканын дипломаттык ишмердигинин натыйжасында Кокондо кыргыз бийлеринин ак үйлүүдө жүргөн 21 баласы кайтып келишкен. Кытай бийлигинен Жанболот бийди куткарып келген. Жалган жалаа менен Кокондо зынданда жаткан Алдаш баатырды өлүмдөн сактап калган. Кокон хандары Омар хандын Мухаммед Алинин (1822-42) кыргыздар менен жакындашып, Чыгыш Түркстанды Цинь империясына көз карандылыктан бошотуу аракеттерин колдогон. Кийин кокондуктардын ашкере зекет алуучулук саясатына чечкиндүүлүк менен каршы туруп, анын мыйзам чегинде болушуна жетишкен. Медет датканын өзүнө таандык туусу, мөөру болгон. Кокон ханы Мадали Медет датканы уулантып мерт кылган. Медеттин күмбөзү Кызарт ашуусунун чыгышында Кочкор өрөөнүндө салынган.
Белгилүү санжырачы Ж. Кенчиев «Медет датка» (Бишкек, 1996) аттуу китеп жазган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]