Мейкиндик заряд

Википедия дан

Мейкиндик заряд, көлөмдүк заряд — заряддын көлөмдүк тыгыздыгын сактап, кандайдыр бир көлөмдө жайгашкан электр заряды.

Электр тогу газ, вакуум жанa элек­тролит аркылуу өткөн учурда эркин электрондор жанa иондордун жардамы менен мейкиндик заряд түзүлөт. Мейкиндик заряд электр ва­куум жанa газ разряддуу приборлор­дун электроддорунун арасындагы электр потенциалынын бөлүнүшүн, ошондой эле анын вольтампер мүнөздөмөсүнүн түрүн аныктайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.