Металл физикасы

Википедия дан

Металл физикасыфизиканын металлдардын түзүлүшү менен физ,- хим. касиеттерин изилдөөчү бөлүмү.

Металл физикасы — металл таануунун теориялык негизи; катуу нерселер жөнүндөгү илимдин бөлүгү. Металлдардьга негизги касиеттери 19-кылымда эле изилденген. Бирок ал касиеттердин табиятын атомдун түзүлүшү жөнүндөгү билим өркүндөмөйүнчө түшүнүү мүмкүн эмес.

Металл физикасы металлдын микроскопиялык (атом-кристаллдык), дефект жанa гетерофаздык үч структурасын изилдейт. Металлдын микроскопиялык теориясы 20-кылымда өнүгө баштаган. 1900-ж. немец физиги П. Друде металлдагы атомдордун аралыгын «электрон га­зы» ээлейт деген моделди сунуш кылган. Өзүнүн теориясына таянып металлдын бөлмө темп-расындагы электр өткөргүчтүгүн туура аныктап, электр өткөргүчтүк менен жылуулук өткөргүчтүктүн байланышын түшүндүргөн. Бирок бул модель металлдар­дын көптөгөн касиеттерин түшүндүрө алган эмес.

192728-ж. В. Паули жанa А. Зом- мерфельд парамагниттик кабылданыш менен жылуулук сыйымдуулуктун «аномалиясын» электр заряды менен жылуулукту ташууга жанa спин парамагнитизмин жүзөгө ашырууга катышкан электрондордун саны аз болгондугу менен түшүндүргөн. Кадимки температурада «электрон газынын» не­гизги бөлүгү начарлаган абалда бо­лот да темп-ранын өзгөрүшү ага эч таасирин тийгизбейт. Бул түшүнүктөр металлдын азыркы мезгилдеги электрон теориясынын негизин түзгөн.

1930-ж. Л. Ландау металл диамагнетизми андагы электрондордун орбиталык кыймылда болушунан пан­да боло турганын аныктаган. Кристаллдагы дефектилер металл­дын дээрлик бардык касиетине таа- сирин тийгизет, Кристаллдагы дефектилер, Кристалл­дагы дислокация. Металлдын полиморфтук өзгөрүшү анын бардык физ. касиеттерин өзгөртөт. Жог. басым менен жог. маг­нит талаанын аракетинен пайда болгон полиморф модификациясын изилдөө — Металл физикасынын маанилүү багыты. Фа­за теориясы фазалык тең салмактуулукту, фазалык өтүүнү, о. эле гете­рофаз системасынын структурасын жанa касиеттерин караштырат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.