Микрокатуулук

Википедия дан

Микрокатуулук - материалдын микроструктурасынып айрым бөлүктөрүнүн катуулугу. Микрокатуулук 2 ден (200 гк) азыраак күч менен алмаз пирамидасын ныктап матырып, так түшүрүү аркылуу өлчөнөт.

Микрокатуулукка сыноонун кадимки катуулукту өлчөөдөн айырмасы — өтө кичине күч менен эле сыналуучу материалга так түшүрүлгөндүгүндө. Ал тактын өлчөмү микроскоп менен аныкталат. Андан кийин атайын таблица боюнча Микрокатуулуктун сан мааниси — күчтүн тактын аяптына болгон катышы эсептелип алынат.

Микрокатуулук пластикалык деформацияны изилдөөдө, фазанын тең салмактуулук диаграммасын түзүүдө жана башкаларда пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.