Микроминиатюрлаштыруу

Википедия дан

Микроминиатюрлаштыруу - электрон аппаратынын өлчөмүн, салмагын жанa керектөөчү энергиясын азайтуу, бирок иштөө сапатын жогорулатуу жанa аны жасап чыгаруучу өндүрүш процессии автоматташтыруу максатын көздөгөн техника прогрессинин багыты.

Микроминиатюрлаштыруу иштөө процессине тикеден тике катышпаган конструкциялардын көлөмүн кичирейтүү, тетиктерди абдан тыгыз кураштыруу, тетиктердин ж-a түйүндөрдүн санын азайтуу, аларды кичине өлчөмдөгү тетиктер, түйүндөр м-н алмаштыруу багытьшда конструкциялык-технол. чечимдерди колдонуу менен ишке ашырылат.

Радиоэлектроникада азыр көлөмдүү монтаждан басма схемаларга өтүп жатышат. Булардын бардыгы атайын болоттордун, ферроматериал- дардын, жарым өткөргүчтөрдүн, микрозымдардын жанa жука чел кабыктардын пайда болушуна байланыштуу. Микроминиатюрлаштыруу пайда болушу вакуумдук чачыратуу, диффузия, электр-химия методдору сыяктуу жаңы прогрессчил технологиянын жаралышына алып келди.

Микроминиатюрлаштыруу төмөнкү багыттар боюнча өнүгүп жатат: микромодулдук конструкциялоо, чел кабык микросхемалар, катуу схемалардын конструкциялары. Чел кабык микроэлементтери аб­дан тыгыз кураштырылат. Мис., 1 км көлөмдө бОка чейин, ал эми ка­туу чел кабык структураларында бООго чейин бөлүкчөлөр жайгаштырылат. Мындагы негизги элементтин — чел кабыктын калыцдыгы ангстрем менен ченелет. Катуу нерселердин физикасынын жетишкендиктери жарым өткөргүчтөрдүн крнсталлында өздөрүрүн касиеттери боюнча каршылыкка, конденсаторго ж. б. эквиваленттүү бөлүктөрдү түзүүгө алып келди. Мындай жол менен «монтаждын» тыгызд. 1 см3 көлөмгө схеманын ЮООден ашык бөлүкторун жайгаштыруута жетишсе болот.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.