Мазмунга өтүү

Мингечуар

Википедия — ачык энциклопедия
Отурукташкан жай
Мингечевир
ӨлкөАзербайжан
РайонМингечевир
Хакимият башчысыНиязи Байрамов
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү1946
Аянты47 км²
Климатынын түрүсубтропикалык
Убакыт аралыгыUTC+4, жайында UTC+5
Калкы
Расмий тилиАзербайжан тили
Калкы115,0 миң адам (2012)
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+994 24
Почта индексиAZ 4500
Автоунаа коду45

Мингечуар - Азербайжан өлкөсүндөгү шаар. Кура дарыянсынын өйүз-бүйүзүндө.

Мингечуар шаарына жакын жердеги Боздок тоосунда эң ири арх-ялык комплекс бар. Ал 19-кылымдын аягынан изилдене баштаган. Археолог С. М. Казиевдин жетекчилиги менен 194653-ж. казылган Мингечуарда 4 тургун журт, 3 чоң көрүстөн (б. з. ч. З-миң жылдыктан б. з. 17-кылымна чейинки мезгилге таандык) бар. Казганда муз. аспаптар (флейта), 30дан ашуун чопо меш, 200дон ашуун казанактуу кор (б. з. 1—8-к.), карапа, айнек, күмүш идиштер, ар кандай сүрөт түшүрүлгөн шакектер, алтын сөйкөлөр, темир куралдар, кооздук буюмдар, аршакилер менен грек-рим тыйындары, сасанилер мөөрү табылган.

Мингечуар эстеликтери—Азербайжандын жанa ага коцшу өлкөлордүн 4 миң жылдан ашык мезгил ичиндеги маданий-тарыхый жана социалдык-экон. өнүгүшүн изилдөөнүн эң маанилүү булагы.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.