Миокардиодистрофия
Миокардиодистрофия (мио..., rp. kardia — жүрөк жанa дистрофия), кардиомиопатия — жүрөк булчуңунун зат алмашуунун бузулушунан жабыркоосу.
Негизги себептери: тамактануу режимин сактабагандык ('алиментардык дистрофия, авитаминоз ж. б.), боор, бөйрөктүн начар иштеши, углевод менен электролит алмашуунун бузулушу, аз кандуулук, кьгчкылтек жегишсиздиги, уулануу [хлороформ, аракечтик) ж. б. Миокардиодистрофия башталганда оорулуу адам демигет, жүрөктө жагымсыз сезим байкалат. Жүрөк согуу добушу акырындап, шуулдоо жанa аритмия пайда болуп, электрокардиограмма өзгөрөт. Миокардиодистрофия жүрөк бул- чуцунун жыйрылуу күчүн азайтып, начар иштешине себепкер болот. Дарылоо пайда кылган ооруларга жараша жүргүзүлөт, жүрөк булчуңундагы алмашуу процессии жакшыртуучу каражаттар колдонулат.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.