Миң-Куш суусу
Көрүнүш
Миң-Куш суусу | |
|---|---|
| Мүнөздөмө | |
| Узундугу | 47 км |
| бассейндин аянты | 728 км² |
| Жайгашкан орду | |
| Өлкө | |
| Област | Нарын облусу |
| Район | Жумгал району |
Миң-Куш суусу — Жумгал районундагы суу, Көкөмерен суусунун сол куймасы. Узундугу 47 км, алабынын аянты 728 км2. Молдо-Тоонун түндүк капталынан башталып, нугу кууш; ортоңку жана төмөнкү агымында өрөөнү кеңеет. Негизинен булак (42%), мөңгү (28%), кар (25,4%) суула рынан куралат. Ири куймалары: Чамынды (узундугу 29 км), Туюксуу (13 км), Чоң-Таш (12 км). Жылдык орточо чыгымы 1,12 м3/сек, эң көп чыгымы июнь – июлда, азы январь – февралда байкалат. Апрелде кирип, сентябрда тартыла баштайт. Алабында таш көмүр кени бар. Жээгинде Миң-Куш шаарчасы, Сары-Булак кыштагы жайгашкан.
Адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.: 2004. ISBN 9967-14-006-2
- Archived 2016-03-07 at the Wayback Machine