Моласстар
Моласстар (лат. mollis — жумшак) — тоо шартында пайда болгон тоо тектердин комплекси; калыңдыгы бир нече миңге чейин жеткен терриген чокмөлөрүнөн (конгломерат, кумдук, алевролит, чопо, кээде аки таш теги менен мергель) турат.
Моласстардын пайда болушу геосинклиналь системаларындагы тоо пайда болуу процессине туура келип, тоо аралык ийилиштерде топтолот. Моласстар тоо пайда болуу процессинин этаптарына байланыштуу өнүгүп, астыңкы жанa үстүңкү болуп бөлүнөт.
Астыңкы Моласстар тайыз суу бассейнпнде топтолгон чөкмөлөрдөн турат. Үстүңкү Моласстар тоолордун тез талкаланып үбөлөнүшүнөн панда болгон продуктунун континенттик шартта топтолушунан пайда болгон тектерден (брекчия, кумдук, чопо) түзүлөт. Моласстарда көмүр, пефть, газ. жездүү кумдук, түрдүү туздар жана башкалардын кендери болот.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.