Молдокулова, Динара Төрөкелдиевна

Википедия дан

Динара Төрөкелди кызы Молдокулова (14.8.1981) – этнограф, тарыхчы, тарых илимдеринин кандидаты (2014), И.Арабаев атындагы КМУнун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинде доценттин милдетин аткаруучу. Кыргыздардын салттык жүрүм-турум маданиятын изилдеген адис.

Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]

1981-жылы 14-августта Кыргызстанда туулган.

2003-жылы Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин аяктаган.

Учурда И.Арабаев атындагы КМУнун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинде доценттин милдетин аткаруучу болуп иштейт.

Илимий жана коомдук ишмердиги[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз тарыхына, этнографиясына, руханий маданиятына арналган илимий эмгектердин (а. и. 1 монография) автору.
Кыргыз Тарых Коомунун мүчөсү (2012).

Илимий даражасы. Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

Тарых илимдеринин кандидаты (2014).

Профессор Рахат Ачылова атындагы илимий сыйлыктын ээси (2016).

Үй-бүлөсү[оңдоо | булагын оңдоо]

Үй-бүлөлүү. Эки кыз, эки уулу бар.

Илимий эмгектери[оңдоо | булагын оңдоо]

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]