Молотов-Риббентроп пактысы

Википедия дан

Нацисттик Германия менен Кеңештер Бирлигинин ортосундагы кол салбоо жөнүндөгү пакт (нем. Deutsch-sowjetischer Nichtangriffspakt, орус. Договор о ненападении между Германией и Советским Союзом; ошондой эле Молотов-Риббентроп пакты деп аталат) — 1939-жылы 23-августта Нацисттик Германия менен Кеңештер Бирлигинин тышкы иштер боюнча ведомстволорунун башчылары кол коюшкан өкмөттөр аралык келишим. Буга чейин Германия менен ушундай келишимдерге Польша (1934), Улуу Британия (1938), Франция (1938), Литва (1939), Латвия (1939), Эстония (1939) кол койгон; кийин - Түркия (1941)

КСРБ менен Германиянын Антикоминтерндик пакт боюнча союздашы болгон Япониянын ортосунда Халхин-Голдогу салгылашуулардын жүрүшүндө кол салбоо жөнүндө советтик-германдык келишим түзүлгөн. Келишимге ылайык, тараптар бири-бирине кол салбоого жана эгерде алардын бири үчүнчү тараптын согуштук аракеттеринин объектиси болуп калса, бейтараптуулукту сактоого милдеттендирилген. Келишимге катышкандар башка державалар менен «тике же кыйыр башка тарапка каршы багытталган» союздук мамилелерден да баш тартышты. Тараптардын таламдарын козгогон маселелер боюнча өз ара маалымат алмашуу каралган.

Келишимдин айырмалоочу өзгөчөлүгү «территориялык жана саясий кайра түзүү» болгон учурда Чыгыш Европадагы тараптардын кызыкчылыктарынын чөйрөлөрүн делимитациялоо жөнүндө ага тиркелген жашыруун кошумча протокол болду. Протокол Латвияны, Эстонияны, Финляндияны, чыгыштагы «поляк мамлекетинин курамына кирген оодандарды»[1] жана Бессарабияны СССРдин таламдарынын чейресуне кошууну караган. Литва жана Польшанын батыш бөлүгү немистик кызыкчылыктардын чөйрөсүнө бекитилген.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Секретный дополнительный протокол к Договору о ненападении между Германией и Советским Союзом