Москва сүйлөшүүлөрү

Википедия дан

Москва сүйлөшүүлөрү (СССР- нин, Улуу Британиянын жана Франциянын өз ара жардамдашуусу жөнүн келишим түзүү боюнча) 1939-ж. апр,— августта Москвада өткөн.

Бул кезде немис-фашисттик аскерлери Чехословакияны басып алып, 1939-ж. мартта бытыратып бүткөн. Натыйжада дүйнөлүк согуш чыгуу коркунучу реалдуу боло баштаган. Ушундан улам Совет өкмөтү 1939-ж. 17- апрелде СССР, Улуу Британия, Фран­ция өз ара жардамдашуу жөнүндө келишимге келип, согуш конвенциясын түзүшүн сунуш кылган. Ал сунуш келишүүчү тараптарды өз ара жардамдашууга милдеттендирген, ошондой эле Балтика жанa Кара деңиздер аралыгында жайгашкан жанa СССР менен чектеш турган Чыгыш Европа мамлекеттерин да кол салуудан коргоо максатын көздөгөн.

Бул сунушту Улуу Британия жанa Франция алгачкы сүйлөшүүдө кабыл албай, ошондон улам 1939-ж. 11-августта Москва сүйлөшүүлөрү кайра башталган. Совет өкмөтү үч держава өз ара жардам союзун түзүшү керек, ал союз агрессияга учураган Чыгыш жана Борбордук Европа мамлекеттерин да коргоого тийиш деп эсептеген.

Улуу Британия менен Франция СССРдин бул сунушун да кубаттабай койгон. Польша өкмөт­ү өз аймагынан советтик аскерлерди өткөрбөй турганын жарыя айткан. Улуу Британия өкмөтү Москва сүйлөшүүлөрү убагында СССРге каршы келишим түзүү үчүн фашисттик Герма­ния менен да сүйлөшүп жаткан. Ушундай жагдайда Совет өкмөтү 1939-ж. 28-августта кол салышпоо жөнүндө герман-совет келишимине кол коюуга аргасыз болгон. Улуу Британия жана Франция өкмөттөрү чынында фашисттик Германиянын Экинчи дуйнөлүк согушту башташына жардамдашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.