Мохаммед Реза Пехлеви
| Мохаммед Реза Пехлеви ир. محمدرضا پهلوی | ||||
| ||||
|---|---|---|---|---|
| 16-сентябрь 1941 — 11-февраль 1979 | ||||
| Таажыланышы: | 26-октябрь 1967 | |||
| Өкмөт башчысы: | тизмеси
| |||
| Андан мурунку: | Реза Пехлеви | |||
| Андан кийинки: | наам жоюлган | |||
| ||||
| 25-апрель 1926 — 16-сентябрь 1941 | ||||
| Андан мурунку: | Фаридун Мирза Кажар | |||
| Андан кийинки: | Али Реза Пехлеви | |||
| Дини: | Ислам (шиит) | |||
| Туулган жылы: | 26 -октябрь 1919 | |||
| Туулган жери: | Персия, Тегеран | |||
| Каза болгон жылы: | 27 -июнь 1980 (60 жаш) | |||
| Каза болгон жери: | Мисир, Каир | |||
| Мүрзөсүнүн орду: | Ал-Рифаи мечити | |||
| Атасы: | Реза Пехлеви | |||
| Апасы: | Таж ол-Молук | |||
| Жубайы: | 1) Фавзия Фуад 2) Сорайя Исфандияри-Бахтиари 3) Пехлеви Фарах | |||
| Балдары: | 1-жубайынан: Пехлеви Шахназ 2-жубайынан: жок 3-жубайынан: Реза Пехлеви, Пехлеви Фарахназ, Пехлеви Али Реза, Пехлеви Лейла | |||
| Билими: | Institut Le Rosey Madrasa Nezam | |||
| Автограф: | ||||
Мохаммед Реза Пехлеви (26. 10. 1919, Иран, Тегеран – 27. 6. 1980, Египет, Каир) – Ирандын акыркы шахы (1941–79). 1925–30-жылы Персия кадет корпусунда, кийин Швейцариядагы Institut Le Rosey мектеп-пансионунда, 1936– 38-жылы Тегерандагы офицердик окуу жайында окуган. 1941-жылы англис тилинде жана советтик аскер күчтөрү Иранды оккупациялап, Мохаммед Реза Пехлевинин атасы Реза Пехлеви тактан кетип, сүргүнгө айдалганда, Мохаммед Реза Пехлеви Ирандын шахиншахы деп жарыяланган. Өзүнүн өкмөтү менен бирге Улуу Британия жана СССР менен достук мамиле түзөрүн билдирип, 1942-жылы алар менен союздук келишимге кол койгон. 1943-жылы 9-сентябрда шах өзүнүн жарлыгы менен Германияга согуш жарыялаган. 1953-жылы шах премьер-министр Мосаддыкты кетирип, бийликти толугу менен өз колуна алган. 1955-жылы Ирандын Багдад пактысына (СЕНТО) кошулгандыгы жөнүндөгү мыйзамга кол койгон. Шах Перс булуңундагы монархияларды колдоп турган. Йемендеги жарандык согуштун учурунда (1962–70) монархисттерге, 1973-жылы Оман өлкөсүнө жардам көрсөткөн. СССР менен достук мамиледе болгон. 1956-, 1965жана 1972-жылдары Мохаммед Реза Пехлеви СССРге келип кеткен. 1963-, 1966жана 1972-жылы Иран менен СССРдин ортосунда экономикалыкжана техникалык чөйрөдө кызматташуулар боюнча келишимдер түзүлгөн. 1973-жылы шахтын буйругу менен Иранда авторитардык бир партиялуу режим киргизилген. 1979-жылы Ислам Иран революциясынан (1979) кийин Ирандан куулган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7



