Муздабас суусу
Көрүнүш
Муздабас суусу | |
|---|---|
| Мүнөздөмө | |
| Узундугу | 36 км |
| бассейндин аянты | 207 км² |
| Жайгашкан орду | |
| Өлкө | |
| Област | Нарын облусу |
| Район | Ат-Башы району |
Муздабас суусу — Ат-Башы районундагы суу, Ак-Сай суусунун солкуймасы. Узундугу 36 км, алабынын аянты 207 км. Ат-Башы кырка тоосунун түштүк капталындагы мөңгүлөрдөн башталып, кууш өрөөн менен түштүктү карай агат. Ак-Сай өрөөнүнө чыкканда нугу кеңейип салааларга бөлүнүп кетет. Негизинен кар, мөңгү жана булак сууларынан куралат. Жылдык орточо чыгымы 0,8–1,8 м3/сек . Эң көп чыгымы июль–августта, азы февраль–мартта байкалат. Апрель – сентябрда кирип, октябрь–мартта тартылат.
Адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.: 2004. ISBN 9967-14-006-2
- Archived 2016-03-07 at the Wayback Machine