Муздаткыч аралашалар

Википедия дан

Муздаткыч аралашалар— эки же андан көп катуу же катуу жана суюк заттардын системасы.

Системадагы заттар жылуулукту сиңирип алуу менен эрнгендиктен аралашманын температурасы төмөндөйт. Өтө төмөнкү температураны алуу үчүн аралашмага кирүүчү заттар криогидраттык температурага туура келе турган өлчөмдө алынат.

Хлордуу натрий (NaCl) тузунун муздагы концентрациясы 23,1% болгондо, анын эрүү температурасы —21,2°С, мындай төмөнкү температуpa криогидраттык температуpa деп аталат. Хлордуу кальций (СаС12) тузунун концентра­циясы 29,9% болгондо, анын криогидраттык температуpaсы —55°Сге жетет. Температураны —50°Сгө чейин төмөндөтүү үчүн түрдүү туздар, кислоталар, суу, муз(кар) пайдаланылат.

Туздарды кислоталарда эриткенде Муздаткыч аралашалардын температурасы сууга эриткендегиден бир кыйла төмөндөйт. Температураны —80°Сге чейин төмөндөтүү үчүн кургак муздун (катуу көмүр кислотасы) жанa спирттердин (же эфирдин) аралашмалары колдонулат. Муздаткыч аралашалар негизинен лабор-ялык шартта төмөнкү температураны алуу үчүн пайдаланылат. Өнөр жайда кайнатма туз менен муздун аралашмасы кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.