Муздаткыч транспорту

Википедия дан

Муздаткыч транспорту - тез бузулуучу азык-түлүктү айлана чөйрөнүкүнөн төмөнкү температуралык шарт­та ташуучу тех. каражат.

Муздаткыч транспорту темир жол, автомобиль, суу (деңиз жана дарыя), аба ж-а контейнер-рефрижера­тор болуп бөлүнөт. Темир жол Муздаткыч транспорту менен алыска тез бузулуучу азыктардын 90%тен көбү ташылат. Муздатуулугына байланыштуу вагон муздаткыч, вагон-рефрижератор, поезд-рефриже­ратор жана вагон-цистерна болуп айырмаланат.

Вагон-муздаткыч темир жол Муздаткыч транспортунун 40—45%ин түзөт. Вагон ичиндеги температура —15, +14°Сге барабар. Вагон-цистерналар сүт, жүзүм шараптарын жан башкаларды ташуу үчүн кол­донулат. Автомобиль Муздаткыч транспорту тез бузу­луучу азыктарды шаар ичинде жана 3000 км аралыкка ташуу үчүн колдо­нулат. Негизги түрү автомобиль-муздаткыч жана автомобиль-рефрижера­тор. Автомобиль-муздаткыч жеңил жана жүк ташуучу машинанын шассисине орнотулган изотермдик кузовдун газдар жана компрессордук муз­датуу үчүн муз, кургак муз, суюлтулган газдар жана компрессордук муз­даткыч машипасы колдонулат. Кузовдогу температураны 44-20°С-ге чейин сак­тоого болот.

Суу Муздаткыч транспорту азыктарды импортко, экспортно жана өлкөнүн ичинде ташууда, балык кармоодо, иштетүудө жанa ташууда колдонулат. Аба Муздаткыч транспорту эрте бышкан жемиштерди, тируү балыктарды жанa гүлдөрдү ташуу үчүн колдонулат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.