Муздатуу технологиясы

Википедия дан

Муздатуу технологиясы - тез бузулуучу азыктарды узакка сактоодо сууктукту колдонуучу азык- түлүк технологиясынын өзүнчө тармагы.

Азык-түлүктү консервалоодо кургатуу, туздоо, ыштап сүрсүтүү, анти­септик заттар, кант, пастерлөө жана стерилдоо ыкмалары колдонулат. Алар азыктардын сапатын төмөндөтөт, түсүн, даамын, аш болумдуу касиетин өзгөртөт жанa витаминдери бузулат.

Тез бузулуучу азыктарды консервалоо ыкмаларынын натыйжалуусу — муздатуу. Азыктарды муздатууда микроорганизмдердпн тиричилик аракетин төмөндөйт жанa ферменттердин активдүүлүгү акырындайт. Ал муздатыл­ган (температурасы 04-4°Сге чейин), тоңдурулган (температурасы —0,54—2,5°С) жанa дефростацияланган (тону жатылган) болуп айырмаланат.

Музда­тууда муздаткыч заттар колдонулат. Эт, жумуртка, жемиш, сүттөн жасалган жанa кондитердпк азыктар аба менен балык, канаттуулардын этп суюктуктар менен, сүт, каймак, шире, шарап жылуулук алмаштыргыч аппаратта суюктуктар менен муздатылат, ал эми муздун жардамы менен бөтөлкөдөгү ичкилик жана жашылча муздатылат.

Узакка сактоо үчүн азык-түлүк —23°С температурада тоңдурулат. Сактоодо азыктардын сапатын жогорулатуу үчүн ультракызгылт көк нурларга, иондоштурулган шоолага кармоо, атайын идиш жанa соргуч материал, көмүр кычкыл газы, озон жанa антибиотиктер колдонулат. Ушул чараларды муздатуу менен айкалышта пайдалануу аркылуу азыктардын сактоо мөөнөтүн узартууга болот.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.