Мусават

Википедия дан

Мусават (азе. Müsavat, которулганда «Теңдик») — Азербайжандагы контрреволюциячыл улутчул партия. 1911-ж. Бакуда уюшулган.

Мусават партиясынын туусу.

Жетекчилери — М. Расуладе, Г. Шарифзаде ж. б. «Мусават» Турция башчылыгы менен мусулмандардын бирдиктүү мамлекетнн түзүү максатын көздөп, панисламизм, пантуркизм идеологиясын жактаган. Биринчи дүйн. согушта «Мусават» падыша өкмөтүнүн жырткычтык саясатын колдогон. Октябрь революциясы менен жарандык согуш жылдары мусаватчылар чет элдик имперпалисттерге таянып, Азерб-нда Совет өкмөтүнө каршы күрөшкөн. 1918—20-ж. алар өз «өкмөтүн» куруп, Азербайжанда шике ашырылган социолдык чараларды жоюп, помещиктик түзүлүштү калыбына келтиришкен.

Мусават саясий партиясынын экинчи конгресси.

Азербайжан эли Кызыл Армия менен бирге 1920-ж. апрелде «Мусаваттын» контрреволюциячыл режим менен кулаткан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.