Мушкетов Иван Васильевич
Иван Васильевич Мушкетов | |
Туулган жылы: | |
---|---|
Туулган жери: | |
Каза болгон жылы: |
23 -сентябрь 1902 (52 жаш) |
Каза болгон жери: | |
Өлкө: |
→ Орусия |
Илимий чөйрөсү: |
белгилүү орус геологу, географ жана саякатчы, Орто Азия аймагын изилдөөчүсү болгон |
Иштеген жери: | |
Илимий наамы: |
Мушкетов Иван Васильевич (1850, азыркы Волгоград облусу, Алексеев станциясы –1902, Петербург) – орус геологу жана географы. 1872-жылы Петербургдагы тоо институтун бүткөн. 1874–80-жылдары Теңир-Тоого жана Сырдарыя өрөөнүнө саякат жасап, бир катар кендерди тапкан жана 2 томдон турган «Түркстан» деген эмгегин жараткан. Мушкетов өзүнүн жеке байкоолорунун, изилдөөлөрүнүн эле жыйынтыгын бербестен, Түркстанды изилдеген башка окумуштуулардын эмгектерин да пайдаланган. М.ушкетов Теңир-Тоону изилдеген алгачкы геологдордун бири. Теңир-Тоо менен Памир-Алайдын тоолуу аймактарындагы мөңгүлөрдү, тоо арасындагы өрөөндөрдү изилдеген, кендердин жайгашкан ордун аныктаган, минералдардан, тоо тектерден, таш болуп катып калган заттардан коллекция жыйнаган. 1879-жылы Чатыркөлгө саякат жасап, немис окумуштуулары А.Гумбольд менен Ф. Рихтфогендин Теңир-Тоодо жанар тоолор бар деген жалган теориясын төгүндөгөн. Теңир-Тоонун сейсмикасын изилдөө боюнча да көп эмгектенген. 1877–79-жылдары Т. Д. Романовский менен бирге Түркстандын биринчи геологиялык картасын түзгөн. Сибирдеги, Орто Азиядагы географиялык объектилер Мушкетовдун ысымы менен аталган. Кыргызстанда Сарыжазда Мушкетов мөңгүсү бар.
Эмгектери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мушкетов И. В. Путешествие на Алтай и Памир в 1877 году.
- Мушкетов И. В. Туркестан. Геологическое и орографическое описание по данным, собранным в путешествиях с 1874 по 1881.
- Мушкетов И. В. Собрание сочинений. 2 выпуска. Спб., 1910—1912. Выпуск 1. 1872—1882.
- Мушкетов И. В. Физическая геология. 2 т. 1888—1891.
Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.
- О. Каратаев Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015