Муң-Куш ташкөмүр кендеринин тобу

Википедия дан

Муң-Куш ташкөмүр кендеринин тобу - Нарын облусунун Жумгал районунда ташкөмүр чыгуучу жер. Миң-Куш шаарчасынан 10 км чыгыш тарапта, Молдо-Тоо м-н Кабак тоонун аралыгындагы Миң-Куш өрөөнүндө жайгашкан.

Көмүр жерг. элге эзелтен белгилүү.1956–60-ж. ж-а 1973–77-ж. геол. Издөө ж-а чалгындоо жумуштары жүргүзүлүп, көмүрдүн запасы аныкталган. Мында Миңкуш, Миңкуш –1 (Тууракабак), Миң-куш –2 (Кашкасуу), Миңкуш–3 (Агулак) деп аталган кендер бар. Алар Көкмойнок–Каракече көмүрлүү райондун борб. орун алган. Бул аймакта негизинен юра мезгилинде пайда болгон көмүрлүү чөкмө тоо тек катмарлары жатат. Алар чопо, алевролит, аргиллит, кумдук, гравелит ж-а көмүр кабаттарынан турат. Тоо тек катмарлары татаал антиклиналь ж-а синклиналдык бүктөлүүлөрдү түзөт. Көмүр кабаттарынын саны 10го жетет, калыңдыгы 1,24–18,2 м. Көмүр жогорку сапаттуу, күкүрттүү ж-а күлү аз. Күйүүдөгү жылуулук берүү энергиясы 25,08–29,26 МДж/кг. Мындагы көмүрдүн жалпы запасы 859,3 млн т. Кендер ачык жол м-н казылып, жерг. эл отун катары пайдаланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.