Мазмунга өтүү

Мэгги Кью

Википедия — ачык энциклопедия
Мэгги Кью
Maggie Q
Төрөлгөндөгү ысымы:

Маргарет Дениз Куигли / (англ. Margaret Denise Quigley)

Туулган датасы:

22 -май 1979(1979-05-22) (46 жаш)

Туулган жери:

Гонолулу, Гавайи, АКШ

Жарандыгы:

 АКШ

Кесиби:

актриса

Карьерасы:

1998 - азыркы учурда

IMDb:

ID 0702572

maggieqnet.tumblr.com

Маргарет Дениз Куигли (англ. Margaret Denise Quigley); ошондой эле Ли Ми Ки (вьетн. Lý Mỹ Kỳ, Калып:Lang-cn), ал эми Мэгги Кью (англ. Maggie Q) деген ысым менен кеңири белгилүү; (22-май 1979, Гонолулу, Гавайи, АКШ) — Теги вьетнамдык актриса жана модель. Алгачкы атактуулукту Гонконгтон алган.

Маргарет Дениз Куигли. Бул ысымга тили жакшы келбеген кытай журналисти актрисага «аты-жөнүңдү айтыш мен үчүн оор болуп жатат. Кел, кыскартып, Мэгги Q деп атайлы» деп сунуштайт. Жаңы ысымы Мэггиге да жагат. Ошентип, көп нускалуу гезитке анын маеги жарыяланып, ысымы элге бат тарайт.

1979-жылы 22-майда АКШнын Гавайи штатындагы Гонолулу шаарында төрөлгөн.Мэггинин атасынын теги польша-ирландиялык, ал эми апасы вьетнам кызы болгон. Экөө Вьетнам согушунда таанышып, баш кошушкан[1][2]. Мэггинин өзүнөн улуу эки эжеси жана энелеш эки агасы бар. «Кичинекейимде жеңил атлетика жана сууда сүзүү менен машыкчумун. Ветеринар болгум келчү. Бирок чоңойгон сайын бул тилегим модель жана телеалпаруучу болууга өзгөргөн» деп эскерет балалыгы тууралуу Мэгги.

1997-жылы мектепти аяктаган Кьюну Азия өзүнө тартып, 17 жашында Жапонияга моделдик дүйнөгө сапар алат. «Мен үйдөн чыкканымда чөнтөгүмдө 20 доллар гана бар эле. Дал апамдын окуясына окшош. Ал да Вьетнамды таштап чыккандан кийин акча тартыштыгынан аябай кыйналган экен. Же тил билсемчи?! Кытайлык сулуу кыздардын жанында өзүмдү түрү суук өрдөктөй сезгем. Ошентсе да модель болуу эң негизги тилегим болгондуктан, эч кандай тоскоолдуктарга карабай, бул дүйнөгө багыт алгам. Жакшы эле кыйналдым. Арзан, даамсыз тамак-аштарды ичтим, полдордо, булганч жайларда жаттым...» Баарына туруштук берген Мэгги бат эле бул жаатта алдыңкы ондукка кирип, белгилүү «Chanel» жана «Gucci» компаниялары менен олуттуу иш алып кете алган. Кийин жумушсуз калып Тайванга, андан кийин Гонконгго барууга аргасыз болот. Гонконг Мэггиге Голливудга жол ачып берген. Модель Гонконгго келип, өзүн актриса катары сынай баштайт. «Кино жаатына келгенде да абдан кыйналдым. Кытай тилин билбегенимден, ролдорду угуп жаттаганга туура келчү. Эгер мени тагдыр Жеки Чанга жолуктурбаса, эмне болот элем, билбейм?» деп эскерет. Жеки Чан Кьюну жолуктурганда эле анын оргуштап турган талантын байкап, өзүнө окуучу кылып алат. «Жеки Чанды атамдай эле көрөм. Ал мага кино дүйнөсүнүн эшигин гана ачпастан, этика жагынан да көп нерсени үйрөттү. Ага жолукканга чейин уруш өнөрүн билчү эмесмин. Жадакалса, эңкейгенде колум бутумдун манжаларына жетчү эмес» деп устатына ыраазычылыгын билдирип келет. Бүгүнкү күндө да Кью өз алдынча трюктарды үйрөнүп, жасайт. Бул тууралуу ал «өз аудиторияма карызмын. Мен 70теги кемпир эмесмин, колумдан келгенин жасашым керек. Ооба, трюктар жаракатсыз болбойт дегилечи. Ар кайсы жерим жарылат, кээде 2 жумага чейин бетим көгөрүп жүрөт. Бир жолку жардыруу трюгунан кийин кулагымдын тарсылдагы жарылган».

Актрисанын актёрлор Шейн Уэст, Дэниел Ву, Эдинсон Чен, Дэниел Хенни жана Жапониялык футболчу Хидетоси Наката менен мамиле кургандыгы айтылып келет. «Ооба, мага көп мырзалар сөз айткан. Бирок алардын мен тууралуу ойлору кандай экенин билбейм. Негизи, мен жолугушууга аз барган кызмын. Ачыгын айтсам, мен үчүн жигиттерден да иттерим баалуу» дейт. Дагы кайсы бир маегинде журналисттерге колун көрсөтүп, «байкуш аты жогум канча жолу жаракат албады. Гипстеп жүрүп калыбына келтирдим. Ушуга шакек салчу бирөө да жок» деп тамаша-чыны аралаш айтып алган.

2015-жылы] «Сталкер» сериалындагы өзүнүн коллегасы Дилан Макдермотт менен түгөй болгону белгилүү болгон.[3].

Тасмаграфиясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Жылы Кыргызча аталышы Түпнуска аталышы Ролу
2000Жаңы муундун спецназыTe jing xin ren lei 2Жейн
Тозоктон чыккан модельGui ming moАнна
2001Чак түш 2Rush Hour 2 машинадагы кыз
Манхэттеги жарым түнManhattan Midnight Сьюзан / Хоуп
2002Жылаңач куралChek law dak gung Шарлин Цзин
2003БейбаштарYi wu liang huoМисс Клэри
2004Hainan ji fanЖижи
Around the World in 80 Days агент
Сыйкырдуу ашканаMoh waan chue fongМэй
2005 Barbara Wood - Das Haus der Harmonie Хармони
«Дракон» тобуMang lungYuet
2006Аткарылбаган миссия-3Mission: Impossible III Зэн
2007Balls of FuryМэгги Вонг
Жеңилбес 4Live Free or Die Hard Мэй Лин
The Counting House Жейд
2008Deception Тина
San guo zhi jian long xie jiaЦао Ин
2009Rogues Gallery
Нью-Йорк, мен сени сүйөм!New York, I Love You Женис Тейлор
Карышкыр жана СогушкерLang zai jiХарран
2011 Малчы Priest Монахиня
2010-2013The King of Fighters Май Сирануи
НикитаNikita Никита
2014ДивергентDivergentТори Ву
2014СталкерStalkerБэт
2015Дивергент, 2-бөлүм: ИнсургентThe Divergent Series: InsurgentТори Ву
2016 Дивергент, 3-бөлүм: Дубал үчүн Allegiant: Part 1 Тори Ву
2016 Кабыл алуучу Designated Survivor Ханна Уэллс
2017 Жекилл аралындагы келишим The Crash Хилари медайым
2017 Сламбер: Лабиринттар түшү Slumber Элис Арнолд
2018 Британдыктар келе жатат! The Brits Are Coming Ирина
2020 Фантазия аралы Fantasy Island Гвен Олсен
2020 Өлүм күнүң менен Death Of Me Кристин
  1. TheStar.com. There’s something about Maggie. Текшерилген күнү 25 -сентябрь (аяк оона) 2006. Түп булактан архивделген күнү 26 -февраль (бирдин айы) 2012.
  2. Talking Mission: Impossible III with Maggie Q. Evan Jacobs for MovieWeb Thursday, May 4th, 2006. Текшерилген күнү 19 -сентябрь (аяк оона) 2006. Түп булактан архивделген күнү 26 -февраль (бирдин айы) 2012.
  3. http://www.tvguide.com/. Report: Stalker's Dylan McDermott and Maggie Q Are Engaged (14 января 2015).