Мазмунга өтүү

Жеки Чан

Википедия — ачык энциклопедия
Жеки Чан
кыт. 成龍 англ. Jackie Chan
Төрөлгөндөгү ысымы:

陳港生 (Чан Коң-Саң),

Туулган датасы:

7 -апрель 1954(1954-04-07) (71 жаш)

Туулган жери:

Гонконг

Жарандыгы:

 Гонконг
 Кытай
 АКШ

Кесиби:

актёр , каскадёр , кинорежиссёр , продюсер , сценарист , ырчы

Карьерасы:

1962 — а. у.

Сыйлыктары:

«Оскар» (2016)

IMDb:

ID 0000329

jackiechan.com

Жеки Чан (англ. Jackie Chan; кыт. 成龍, Чең Луң; кыт. 陳港生, Чен ГаңшеңГоңконгдо туулган Чен»)); кээде Чан Коңсаң жана Фан Шилуң деп айтылат. 7-апрель 1954 жылы Гонконг шаарында туулган) — гонконг жана америка актёру, каскадёр, кинорежиссёр, продюсер, сценарист, трюктарды жана мушташуу оюдарын коюуучу, ырчы, БУУнун өз эркинче элчиси. Тасмаларда актер акробатикалык күрөш ыкмалары, күлкүлүү кыймыл-аракети, жана ар түрдүү куралдарды мушташта колдоно билгени жана өзү аткарган каскадерлук трюктары менен белгилүү. Ал кунг-фу жана хапкидо менен машыккан. Актер 1960-жылдардан тарта тасмаларда катышып, жүз элүүдөн ашуун тасмада тартылган.

Актер “Гонконг жылдыздар аллеясынын” жана "Голливуд атак-даңк аллеясынын" жылдызы болгон. Анын аты ар кандай ырларда, карикатураларда, мультфильмдерде жана видео оюндарда колдонулуп келет. Жеки Чан кесипкөй ырчы жана кытай тилинин кантон жана мандарин диалектилеринде ырдай алат, көптөгөн ыр альбомдорун жарыкка чыгарган. Роль жараткан тасмалардын көбүндө тематикалык ырларды ырдаган. Ал ошондой эле кайрымдуулук иштери аркылуу дагы белгилүү. 2015-жылы Forbes журналынын эсептөөсү боюнча Жеки Чандын кирешеси $350 миллионго (АКШ доллары) бааланган.

Британ империясынын орденинин кавалери.

Жеки кытайдын кедей үй-бүлөсүндө туулган. Анын ата-энеси Чарльз Чан (1914—2008) жана Лили Чан (1916—2002) граждандык согуш учурунда Гонконго качышып, ал эми 1960 жылы Австралияга көчүп барышкан. Көчкөнгө чейин алар Гонконгдо Франциянын элчилигинде үй жыйноочу жана короо кароочу болуп иштешкен.

Алгач, ал «Nah-Hwa Primary School» деп аталган баштапкы мектепте окуп, бирок, 6 жашында Гонконгдо пекин операсынын мектебине берилет. Сценалык даярдыктан тышкары, бул мектеп кичинекей Чанга денесин мыкты башкарууну үйрөтөт. Чан мындан тышкары кунг-фу деп аталган уруш искусствосу менен да алектенген. Актёрдун бул балалык чагын "Боёлгон беттер" (1988) аттуу тасма чагылдырган.

Жеки 8-10 жашында эле "Түбөлүк сүйүү", "Чоң жана кичине Вонг Тин Бар", "Цинь Сянлянь тарыхы" аттуу кинотасмалардын эпизоддорунда роль жарата баштайт. Кийинчерээк, трюктарга аралаша баштаган, тагыраак айтканда "Жин муштуму" (Кулак ярости) жана "Дракондун чыгышы" аттуу Брюс Линин катышуусундагы тасмаларда трюк жараткан көпчүлүктүн ичинде болгон.

1976-жылы Жеки Канберрага ата-энесинин колуна келет. Ал жерден бир азга «Dickson College» де окуп, куруучу болуп да иштеп калат.

Тасмадагы карьерасын каскадёр катары баштаган. Кээ бир учурда аны эпизоддорго жана кичинекей роль жаратууга чакырып турушкан. Кунг-фу, акробатиканы ишеничтүү билип , жакшы пластика жана сценалык өнөрдү мыкты билген Чан 1970 жылдардын аягында чоңураак ролдорду жаратып, кийинчерээк өзү тасма тарта байштайт. Ал комедия менен уруш искусствосун, кадимки көчө согушун аралаштырып, көңүл ачуучу тасмаларды жасап, акырындан жаңы киножанр түптөп баштаган.

Жеки Чанды таанымал кылган алгачкы «Змея в тени орла» аттуу тасма болгон. Тасманын режиссёру Юань Хэпин Жеки Чанга трюктарды өзү ойлоп таап, тасмага коюууга уруксат берет. Бул тасма уруш искусствосу колдонулган комедия жанрында жаралат. Ушул эле жылы Чан «Кызуу чебер» тасмасына тартылат. Ушул тасма Жекинин таанымалдуулугун арттырып, ийгиликтүү карьеранын башталышына түрткү болгон. Тасмада Чан — Вон Фэй Хун деп аталган ичкич, кыйратпаган, өзүнө анча окшошпогон адамдын ролун жаратат. Бул жагынан тасма новатордук болуп чыга келген. Ошондой эле Чан менен карган актёр Юэн Сю Тьендин (Саймон Юэн деген ат менен да белгилүү) комедиялык дуэти да ийгиликтүү болот.

1980 жылдары ал, башкы каарманды Саммо Хунг аттуу актёр ойногон «Бактылуу жылдыздар» тасмасында экинчи пландагы роль жаратып, мындан тышкары бир топ тасмаларда ойнойт.

1983 жылы “«А» Проектиси” (Project «A») тасмасында тартылып жүргөн кезинде официалдуу түрдө өзүнүн каскадёрлук тайпасын түзөт. Кийинки калган тасмаларында “Жеки Чандын каскадёрлук тайпасынын” жардамы менен иштешет.

Чан 1980 жылдары “Чоң уруш” ("Большая драка"), "Замбирек маңызы" жарышы"(“Гонки „Пушечное ядро“”), "Коргоочу" (“Покровитель”) аттуу тасмалары менен америка киноиндустриясына чыгууга бир нече аракет кылат.

1990 жылдары Чанга 2 жолу терс каармандын ролун сунушташкан. Бирок, экөөндө тең Чан, терс каарман ойноочулардын стереотибине кирип калуудан коркуп, андан баш тарткан. Биринчисин Голливуд жылдызы Сильвестр Сталлоне Саймон Феникс деп аталган каракчынын ролун сунуштаса (аны Уэсли Снайпс ойногон), ал эми экинчисинде "Өлтүрүүчү курал 4" (“Смертельное оружие 4”) тасмасында да каракчынын ролун сунушташкан (бул ролду Джет Ли ойногон).

1994 жылы MTV телеканалы Жеки Чанга кинематографиядагы жалпы жетишкендиги үчүн сыйлык тапшырган.

Жеки Чанга чыныгы ийгилик 1995 жылы «Бронкстогу талаш» («Разборка в Бронксе») тасмасынан кийин келген. Ал киреше табуу жагынан Чоу Юнь-Фат жана Мишель Ё атту актёрлордон кем калган эмес. Көрүүчүлөргө Чандын башка иштери да жаккан. Мисалы, «Биринчи сокку», «Громобой », «Шанхай түш маалы» («Шанхайский полдень»). «Жеки Чандын окуялары» мультсериалы да ийгилик жагынан артта калган эмес. Ар бир бул сериал бүткөн соң Жеки күйөрмандардын суроолоруна жооп берип турган.

2011 жылдын сентябрь айында Жеки Чандын жүзүнчү тасмасы — «1911» жарыкка чыгат.

2012 жылдын июль айында San Diego Comic-Con International фестивалында Жеки Чан «Неудержимые 3» тасмасына тартылууга кызыктар экенин билдирди.

Чан ийгиликтүү поп-аткаруучу катары да белгилүү; 1984 жылдан тартып 100дөн ашык ыр жазып 20 альбом чыгарган. Ал кытай, жапон, англис тилдеринде ырдайт. Ошондой эле өзүнүн тасмаларынын башкы ырларын дагы өзү ырдайт, бирок ал тасмалар Европа жана АКШга чыгаарда башка ырларга алмашылат.

Чан өзүнүн кайрымдуулук иши менен да кеңири белгилүү жана ар-түрдүү долбоорлорго катышып турат. “Жаныбарларга ырайымсыз мамиле кылууга каршы”, 2004 жылы Инди океанында цунамиден, Кытайдагы суу ташкынында жабыр тарткандарга жардам ж. б. акцияларда өз каалоосу мнен элчи катары иш алып барган. 2006 жылдын июнь айында өзүнүн байлыгынын жарымын кайрымдуулук максатта жумшоорун билдирген. 2003 жылы катышуучулары жер жүзүндөгү тынчтык үчүн чыгышкан «United Buddy Bears» аттуу көргөзмөнүн Гонгконгго келишин чакырган. Бул көргөзмөнүн ачылышында Чан ЮНИСЕФ жана башка эки балдар уюмуна 4,14 млн гонконг долларын барабар болгон чек тапшырган.

Гонконгдогу жылдыздар аллеясында Жеки Чандын жылдызчасы
Голливуддагы жылдыздар аллеясында Жеки Чандын жылдызчасы

Гонкогдо “Жылдыздар авенюсунда” (“Авеню Звёзд”), Голливудда “Жылдыздар аллеясында”, ошондой эле Москвада Эски Арбатта Чандын жылдызчалары бар.

Чан жөнүндө жазылган китептер аз эмес. Акыркысы Василий Москаленконун «Хроники Джеки Чана» аттуу фантастикалык китеп. Жазуучу бул китепти жазууга Жекинин өзүнөн уруксат алган.

Чыгармачылык стили

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тасмалардагы образы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чан, Брюс Ли жана ага окшогондордун образын туурабай, тескерисинче аларга карама-каршы образ жаратканын ырастайт. Брюс Ли кайраттуу, чыдамкай баатырдын образын жаратса, ал эми Жеки тескерисинче, жөнөкөй, жалкоорок, үй-бүлө, достору, сүйгөн кызы менен начарыраак мамиледе болгон, бирок боорукер, кубаттуу адамдын образдарын жараткан. Акырында бирок, Жекинин образдары кыйынчылыктарга карабастан жеңишке жетип турат.

2000 жылдары Чан жанр, сюжет, тасмадагы баатырлар жагынан кеңири байкоо жүргүзөт. Интервьюлордун биринде, тасмада ойной ала турган аскер эмес, согуша ала турган актёр экенин далилдегиси келгенин билдирген.


Чан трюктардын көпчүлүгүн өзү кылаарын, ошондой эле, кээде башка актёрлордун трюктарын дагы жасап бергенин айтат. Бирок трюктарды 100 пайыз аткарат деп айтуу туура эмес, анткени “Смокинг” («The Tuxedo») тасмасында, Жекинин ордуна 7 дублёр тартылган.

Трюктарды аткаруу убагында көптөгөн жараатарды алган. Ушу себептен Жеки дүйнө боюнча бардык кепилдик берүүчү компаниялардын кара тизмесине кирет.

(Көбүнчө тасмаларынын акырында анын окшошпой калган трюктары, кээде жараат алган көрүнүштөрү көрсөтүлөт). Эң кайгылуу натыйжа 1986 жылы “Кудайдын жабдыктары” (“Доспехи бога“) тасмасында, бактан кулагандыктан мээсинен оор жараат алып, өмүрүнөн айрылып кала жаздаганда болгон. Азыркы учурда абдан оор трюктарды жасоодон качат.

Көп убакыттын бери Чан бир канча жолу жанбашынын чыгып кетишин, колу-буттарынын манжаларынын сынышын, бет сөөгүнүн, мурдунун, моюн сөөгүнүн, кабырга жана далыларынын сынышын башынан өткөргөн.

Жеки деген ат менен белгилүү болгонго чейин көптөгөн ысымдарды колдонгон. 5,5 кг болуп төрөлгөндүктөн апасы Пао Пао (“замбиректин маңызы” (“пушечное ядро”) деген ат берген. Кийин опералык мектепте Чанды мугалиминин урматына Юэнь Ло деп аташкан.

1976 жылга чейин Чен Юэн Лун (Yuen-Lung Chan) деген ысым менен белгилүү болот. Андан кийин Австралияда куруучу болуп иштеп жүргөн убакта досторунан Жеки деген атка конгон. Аны ошондой эле Син Лун (Sing Lung; «кичинекей ажыдаар») деп да аташчу.

Yuan Lung Chan, Lung Chen, Long Cheng, Wellson Chin, Baseball Bat (коркунучтуу, учуу менен байланышкан трюктарды өзү аткаргандыгы үчүн) деген ысымдар менен да тасмага тартылган.

Тайвань актрисасы Линь Фэнцзяого үйлөнгөн. Өмүр баянында үйлөнгөн жылы 1983 деп келет, бирок көптөгөн булактар 1 декабрь 1982 жылды айтышат. 1982 жылдын 3 декабрында Чан Цзоминг (Джейси Чан) аттуу баласы төрөлгөн.

Ошондой эле Жекинин Элейн У Цили аттуу никесиз аялынан Этта У Чжолинь (Нг Чхёклам, 1999 жылдын 19 ноябрында төрөлгөн) аттуу кызы бар. Бирок Жеки аны официалдуу түрдө кызы катары тааныбайт.

Жеки буддист болуп саналат.

2009 жылы Чан Камбожда университетинин ардактуу доктору наамын алган.

  • 1995 жылы — “Бронкстогу талаш” (Разборка в Бронксе) — $4 млн
  • 2000 жылы — “Шанхай түш маалы” (Шанхайский полдень) — $5 млн
  • 2001 жылы — Ызы чуу маалы 2 — $15 млн + чогултуудан %
  • 2007 жылы — Ызы чуу маалы 3 — $15 млн
  • 2008 жылы — “Тыюуу салынган падышалык” (Запретное царство) — $5,89 млн + чогултуудан %
  • 2010 жылы — “Каратэ-бала” (Каратэ-пацан) — $7,9 млн

Тасмаграфиясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1962 жылдан тартып Жеки Чан 100 ашык тасмаларда тартылган .

Жеки Чан Канн тасма фестивалында (2008 жыл).


ЖылТасманын аталышыРоль
1962Чоң жана кичине Вонг Тин Барбала
1963Чексиз сүйүүБала
1964Цинь Сянляньдын тарыхыБала
1966Жети кичинекей арстанБала
1966Жети кичинекей арстан 2Бала
1966Жүр, менин менен ичБала
1970Темирден болгон кызБала
1971Дзендин тийишиЭкинчи даражадагы роль
1971Ырайымсыз кылычтын мизиХанзааданын жоокери
1971Квантунгдан кичинекей жолборсБиринчи роль
1972Кунг-Фу аялыСтудент
1972Ачуунун муштумууруш искусство мектебинин окуучусу
1972Кандуу манжаларБандит
1973Гонконгдогу талаш
1973Ажыдаардын чыгышыТүрмөдө отурган адам
1973Сүйүүнүн чегиКсяо Лиу
1973Ойготулган кубаттуулук
1973Жаза муштумуSi To / Shi Tzer
1973Шаолиньдеги кызЖапон бандити
1973Жаш жолборсЖеки
1973Чыгыш Геркулесибандит
1974Муштумга муштумсакчы
1974Алтын лотосPear Seller Brother Yun
1974Жолборстордун айылыБандит
1974Чыгышка каршы СуперменЭкинчи даражадагы роль
1975Үй-бүлөдө баардыгыХсяо Танг/айдоочу
1975Брюс Ли жана мен(камео)
1975Сюрприздердин аягы жокСекретарь Чан
1975ГималайчыTseng's men
1975Жаш ажыдаарларкаскадёр, трюктарды коюуучу
1976Жаңы ачуулуу муштумLung
1976Өлүм бийикаскадёр
1976Өлүмдүн колуТан Фенг
1976Мистер БуКаскадёр
1976Метеорлор-өлтүргүчтөрВа Ву Бин / жолборс
1976Шаолиндин акыркы сыноосуУнчукпаган адам
1977Боксчу жана чебержардамчы роль
1977Интрига менен өлтүрүүКао Ли
1978Бүркүттүн көлөкөсүндөгү жылаанЧиен Фу
1978Турна жана жыланХсу Ю Фонг
1978Мыкты жан-сакчыларЛорд Тинг Чанг
1978Кызуу чеберХуан Фэйхун
1978Дүховное Кунг-ФуЮлань
1978Кара куру бар экөө(камео)
1979Жүрөктүү гиенаШинг Лунг
1979Ажыдаардын муштумуТанг Хауюэн
1979Манжалары сынган чеберJackie Chan
1980Жаш чеберАжыдаар / Мастер Лун
1980Кунг-Фудан кичинеЧанг чебер
1980Чоң урушДжерри Кван
1981"Замбиректин огу" жарышыЖеки Чан, "Субарунун" айдоочусу
1980Фантастикалык тамшырмасы бар отрядСэмми
1982Лорд ажыдаарАжыдаар Хоу
1983Жүрөктүү гиена 2Шинг Лунг
1983Беш ийгиликтүү жылдызCID 07
1983"А" проектисиМа Юилун ажыдаар сержанты
1984Пом Поммотоцикл айдаган полиция кызматкери
1984"Замбиректин огу" жарышы 2Жеки Чан, "Мицубиси" механиги
1984Дөңгөлөгү бар тамактануу жайыТомас
1985Менин ийгиликтүү жылдыздарымБулчуңдуу киши
1985ЖактоочуБилли Вонг полиция кызматкери
1985Менин ийгиликтүү жылдыздарым 2Булчуңдуу киши
1985Ниндзя чагылганын согушуaka To Catch a Ninja

aka Ninja Fury

1985Ажыдаардын жүрөгүТед Фанг, полиция офицери
1985Полициялык окуяКевин Чан Гакхёй (Чэнь Цзяцзюй)
1986Тентек балдарТүрмөдөгү бала
1987Кудайдын жабдыктарыДжеки Кондор
1987"А" проектиси 2Ажыдаар Ма Юилун
1988Ажыдаарлар түбөлүкЖеки Лан
1988Полициялык окуя 2Кевин Чан Гакхёй (Чэнь Цзяцзюй)
1989КереметтерCharlie Cheng Wah Kuo
1990От аралыLung /Steve Tong
1991"Кудайдын жабдыктары 2" Кондор операциясыДжеки Кондор
1992Тибеттик балааэропорттогу жүргүнчү
1992Эгиз ажыдаарларДжон Ма / Бумер
1992Полициялык окуя 3: СуперполицияКевин Чан Гакхёй (Чэнь Цзяцзюй)
1993Шаардык мергенчиРио Саэба "Шаардык мергенчи"
1993Криминалдуу окуяЭдди Чан инспектору
1993Суперполицейский 2/ "S" проектисиКевин Чан Гакхёй (Чэнь Цзяцзюй)
1994Кызуу чебер 2Хуан Фэйхун
1995Биринчи сокку
1995Бронкстогу талашКьонг
1995ГромобойChan Foh To

Alfred Tung

1996Полициялык окуя:4 Биринчи соккуКевин Чан Гакхёй (Чэнь Цзяцзюй)
1997Мистер КрутойЖеки
1997Күй, Голливуд, күй(камео)
1998Мен киммин?Мен киммин
1998Кымгуут убакИнспектор Ли
1998МуланЛи Шанг капитаны
1999МыктыСи Эн Чан
1999Комедиянын падышасы(камео)
1999Келечектин полициясыfisherman
2000Шанхай түш маалыЧон Вонг
2001Кокус тынчыБак Йен
2001Кымгуут убак 2инспектор Ли
2002СмокингДжимми Тонг
2003Шанхай баатырларыЧон Вонг
2003МедальонЭдди Янг
2004"Феникс" операциясыMr. Chan (камео)
2004Жер жүзүн 80 күндөПаспарту / Лау Шинь
2004Хуаду хроникасыLord of Armour

(камео) / aka The Huadu Chronicles: Blade of the Rose

2004Жаңы полициялык окуяКевин Чан Гакхёй (Чэнь Цзяцзюй)
2005МифMeнг И генералы
2006Роб-Би-Гуд
2007Кымгуут убак 3Башкы инспекор Ли
2008Тыюуу салынган падышалыкДаос Лу Янь/Ху
2008"Кунг-Фу панда" мультфильмиЧебер Маймыл
2009Синдзюктагы жаңжалSteelhead
2009Жекини издөөдөaka Jackie Chan Kung Fu Master
2009Кытайдын негизделиши(камео)
2010Кошуна шпионБоб Хоу
2010Чоң солдатЧоң солдат)
2010Каратэ-балаМистер Хан
2010Силкбой тууралуу уламышКси Ронкун
2011ШаолиньВу Дао
20111911Huang Xing
2011Кунг-Фу панда 2Чебер Маймыл
2012Кудайдын жарактары 3: Кытай зодиагыДжеки Кондор «Азиялык куш»

Терс каармандарды ойноо

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеки Чан терс каарманды ойногон бир канча тасмалар бар:

  • Брюс Ли менен “Жин муштуму” ("Кулак ярости”) тасмасында Судзуки карате чеберинин алмаштыруучусу (1972);
  • Брюс Ли менен “Ажыдаардын чыгышы ” тасмасынын эпизодунда терс каармандын ролу (1973);
  • “Гонкогдогу чатак”(“Разборка в Гонконге”) тасмасында банданын жетекчисинин ролу (экинчи орундагы роль) (1973);
  • “Сюрприздин аягы жок” (“Сюрпризам нет конца”) тасмасында өлтүргүч аялдын (1975);
  • “Метеорлор-өлтүргүчтөр” (“Метеоры-убийцы”) тасмасында башкы терс каармандын ролу (1976).

Кийинчерээк батыш студияларынын сунушуна карабай, терс каармандарды ойногон эмес.

Кээ бир интервьюлорунда, Чан гидрофобиядан азап чегээрин айткан. Эл аралык каскадёрлор сыйлыгын ээси, кунг-фу чебери, жана жөн эле мыкты актёр, жакында, суудан коркоорун моюнга алды.

Тасма учурунан көз ирмемдер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]


"Ажыдаардын чыгышы" (1973)
"Кызуу чебер 2" (1994)
"Кымгуут убак 1" (1998)
"Бронкстогу талаш" (1995)
"Дөңгөлөгү бар тамактануу жайы" (1984)
"Кокус тынчы" (2001)
"Кудайдын жабдыктары" (1987)
"Кызуу чебер 1" (1978)
"Кымгуут убак 1" (1998)
"Мен киммин?" (1998)
"Коргоочу" (1985)
"Полициялык окуя 1" (1985)
"Шанхай баатырлары" (2003)
"Кызуу чебер 1" (1978)
"А" проектиси (1983)
"Алдамчылар"
"Мыкты" (1999)
"Биринчи сокку" (1995)




Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Jackie Chan, Jeff Yang. I Am Jackie Chan: My Life in Action. — Pan, 1999.
  • Renee Witterstaetter. Dying for Action. — Grand Central Publishing, 1997.
  • Curtis F. Wong, John R. Little. Inside Kung-Fu. — McGraw-Hill, 1998.
  • Darren F., Long B. Hong Kong Babylon. An Insider Guide to the Hollywood of the East. — L., 1997.
  • О. Ключарева. Джеки Чан. — Р-н/Д.: Феникс, 2004.

Интернеттеги шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеки Чандын өмүр таржымалы
Жеки Чан
Жеки Чандын Орусиядагы официалдуу эмес сайты