Мазмунга өтүү

Жылаңач курал

Википедия — ачык энциклопедия
Жылаңач курал
англ. Naked Weapon / кыт. 赤裸特工

Жылаңач курал (англ. Naked Weapon) тасмасынын англис тилиндеги постери
Жанры

триллер, драма, экшн

Режиссёру

Чэн Сяодун

Продюсери

Жон Чонг
Лоррейн Хо
Сиу Хунг Чунг

Сценарийдин
автору

Вон Цзин

Башкы ролдордо

Алмен Вонг (Мадам М),
Мэгги Кью (Шарлин Чин),
Аня Ву (Кэтт),
Дэниэл Ву (Жек Чен),
Ченг Пей-Пей (Фей Чин),
Жевел Ли (Жинг)

Оператору

Санг Фай Чои

Композитору

Кен Чан
Квонг Уинг Чан

Кинокомпания

Media Asia Films Ltd.

Узактыгы

90 мүнөт

Өлкө

 Гонконг
 Жапония

Тили

англисче

Жылы

2002

IMDb

ID 0341495

«Жлаңач курал» (англ. Naked Weapon, кыт. 赤裸特工) — 2002-жылы тартылган Ганконг көркөм тасмасы.

Дүйнөдө спорт жана мушташ искусствосунда ийгиликтерге жетишкен өспүрүм кыздар жоголо баштайт. Эл аралык сырдуу уюмдун жетекчиси Мадам М аларды уурдап, океан жээгиндеги аралга алпарып, жалданма адам өлтүрүүчү кылып тарбиялайт. Аларга кыйын абалда кантип тирүү калууну, адамдын анатомиялык түзүлүшүн, ар кандай чөйрөдө өзүн алып жүрүүнү, жадакалса шараптын даамынан кайсы жылы чыккандыгын билүүгө чейин үйрөтүшөт. Киллер кыздардын өзгөчөлүгү – эч кандай куралсыз туруп коркунучтуу экенинде болот. Алар кадимки 5 манжасы менен адамдын омурткасын жулуп өлтүрүүгө маш кыздардан болушат. Бул кылмыш иштерин бир гана уюм жасай алат. Алар Мадам М'нын үч киллер кызы. Кыздарды издеп табуу кыйынга турат. Анткени алар жулунган омурткадан башка артында из калтырышпайт. БЧБ (Борбордук чалгындоо башкармалыгы) үч кыздан турган киллерлерди «кытай куурчактары» деп атап, артынан аңдый башташат. Тасманын аягында Мадам М өзү өлтүрткөн адамдын досу тарабынан жок кылынып, бул каргашадан жалгыз Шарлин гана тирүү чыгат.

Каармандарда

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Актёр Роль
Алмен Вонг Мадам М Мадам М
Мэгги Кью Шарлин Чин Шарлин Чин
Аня Ву Кэтт Шарлиндин жакын курбусу Кэтт
Дэниэл Ву Жек Чен федералдык агент Жек Чен
Ченг Пей-Пей Фей Чин Шарлиндин апасы Фей Чин
Жевел Ли Жинг киллер, үч кыздын бири Жинг

Тасманын дүйнөлүк бет ачаары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Булак:Тасманын бет ачаары
N:ӨлкөлөрДатасы
1 Тайвань9-ноябрь 2002
2 Гонконг15-ноябрь 2002
3 Корея Республикасы16-май 2003
4 Франция16-май 2003 (Каннск кинофестивалы)
5 Германия25-июль 2003 (Фэнтезийн фестивалы)
6 Филиппиндер27-августь 2003
7 Норвегия10-сентябрь 2003
8 Германия23-сентябрь 2003 (DVD)
9 Кувейт30-сентябрь 2003
10 Исландия6-ноябрь 2003
11 Жапония11-декабрь 2004
12 Нидерланддар3-май 2005 (DVD)
13 Италия24-ноябрь 2006
14 Швеция2-июнь 2007
15 Франция21-июнь 2007 (DVD)

«Жылаңач курал» тасмасында сүйүү, туруктуулук, кыздар арасындагы көрө албастык жана чыныгы достук сүрөттөлөт. Гонконгдук кино сынчылар «тасманын тарбиялык мааниси жок, сценарийи баналдуу жазылган» деп сындашкан. Ал эми чет өлкөлүк кино сынчылар, тескерисинче, «тасмадагы зордук-зомбулук, мыкаачылык жана жүрөк үшүн алчу эпизоддорду азиаттар кооз, таасирдүү сүрөттөп беришкен» деп макташкан. Тасма катуу сынга алынганы менен, дүйнө жүзүндө чоң кызыгуу жараткан.