Наматжира, Альберт

Википедия дан

А́льберт Наматжи́ра (Наматьира, англ. Albert Namatjira,  28-июль 1902-жылы, Хермансберг, Алис-Спрингстин жанында Түндүк аймак — 8-августа 1959-жылы, Алис-Спрингс) — австралиялык пейзаж сүрөтчүсү. Австралиянын жаратылыш пейзаждарын акварель менен тарткан. Хермансбергдеги акварель пейзаждары мектебинин негизги өкүлү.

Төрөлгөндө аты Элеа (Elea) коюлган. Наматжира чынында Наматьира деп айтылат. Австралиянын жергиликтүү Аранда уруусунан чыккан.
Ал христиан уюмуна (миссиясына) тиешелүү мектебинде окуган. Ал жерден карандаш менен сүрөт тарта баштаган.
Бойго жеткенден кийин төө айдоочу болуп иштей баштайт. Бош убактысында бумеранг жана вумер (найза ыргыткыч) жасап акча тапчу.
Күндөрдүн биринде ал белгилүү сүрөтчү Рекс Баттербиге гид катары жалданат. Ал Баттерби жана анын чыгармачылык иши менен таанышат. Жаш сүрөтчүнүн талантын баалап, Баттерби сүрөт чеберчилигине үйрөтүүгө милдеттенет. Наматжира Баттербинин жетекчилиги астында (1934—1936-жылдары) акварель техникасын үйрөнгөн. 1938-жылы анын эмгектери Мельбурнда көргөзмөгө коюлуп, баары сатылып алынган. Көргөзмөдөн кийин анын сүрөттөрүнө жаңы заказдар түшө баштады. Сиднейде жана Аделаидада төмөнкү көргөзмөлөр өттү. 1953-жылы Наматжира Улуу Британиянын ханышасынан медаль (Coronation medal) алып, 1954-жылы Канберрада ханышанын өзү менен жолугушкан. Белгилей кетсек, буга чейин Австралиянын расисттик мыйзамдары аборигендердин резервациядан чыгуусуна тыюу салгандыктан, ал шаарлардагы өзүнүн көргөзмөлөрүнө бара алчу эмес. 1955-жылы Жаңы Түштүк Уэльстин Королдук искусство коомунун ардактуу мүчөсү болуп шайланган.
1957-жылы Наматжира Австралиянын жарандыгын алган (көптөгөн аборигендердин 1967-жылга чейин жарандыгы жок болгон), бул анын теги боюнча басмырлоочу чектөөлөрдү жарым-жартылай алып салууну билдирген (ал добуш берүү укугун, жерге ээлик кылуу укугун, спирт ичимдиктерин сатып алуу укугун алды).
1958-жылы австралиялык бийликтер аны аборигендер арасында алкоголдук ичимдиктерди тараткан (Австралиянын расисттик бийлиги жергиликтүү калкка спирт ичимдиктерин ичүүгө тыюу салган) деп адилетсиз айыптап, 6 айга түрмөгө кескен. Бирок 2 ай абакта отургандан кийин айып төлөп бошотулган. Түрмөдөн чыккандан кийин депрессияга түшүп, ооруп калган. Бир нече айдан кийин ал Алис-Спрингс ооруканасында жүрөк оорусунан каза болгон.
Наматжира дүйнөлүк атак-даңкка карабастан, системалуу түрдө расалык дискриминацияга, катаал чектөөлөргө (сегрегация) жана бийлик тарабынан негизсиз куугунтукка дуушар болгон.

Наматжира 600гө жакын сүрөт жазган, алардын арасында дүйнөлүк көркөм сүрөт искусствосунун шедеврлери бар. Ал контраст түстөрдүн техникасын колдонгон. Графикалык тактык менен майда деталдарды кайра чыгарчу.

Альберт Наматжиранын уулдары атасынын жолун жолдоп, атактуу сүрөтчү болушкан.

Батыш цивилизациясы тарабынан таанылган биринчи абориген сүрөтчүсү, жарандык алган биринчи түпкү австралиялык.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]