Неаполь королдугу

Википедия дан

Неаполь королдугу

1) Сици­лия королдугу кулагандан кийин 1282-ж. Түш. Италияда түзүлгон мамлекет (борбору — Неаполь ш.). 1442- жылга чейин Анжу династиясынын королдору сураган. Алардын тушунда феод, түзүлүшү чыңалып, феодалдар кыйла саясий укуктарга ээ болгон. Неаполь королдугу 1442-ж. арагон королу Аль­фонс V каратып, аны Сицилия менен бириктирген да «кош Сицилия коро­лу» (Альфонс I) наамын алган. 1458-ж. ал өлгөндөн кийин Неаполь королдугу Сицилиядан бөлүнүп кеткен. Италия согуштарынын (14941559) жүрүшүндө Неаполь королдугу Испания ээлигине айланып (1504), кош Сицилия королдугун түзгөн.

2) 180615-ж. франц. аскерлер оккупациялап турган кезде — Сицилия королдугунун кургактык бөлүгүндөгү көз каранды (Францияга) италян мамлекети.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы.