Негиздүү тоо тектер
Көрүнүш
Негиздүү тоо тектер - составында кремний кислотасы аз (45—55%), магний менен кальций көп кездешкен магма тоо тек.
Негиздүү тоо тектердин массасынын кебүн негиздүү плагиоклаздар түзүп (лабрадор, битовнит), андан башка кремнезём менен каныкпаган оливин минералы да кездешет. Негиздүү тоо тектерге габбро, норит, анортозит, базальт ж. б. тектери кирет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы.