Нерсенин агуучулугу

Википедия дан

Нерсенин агуучулугу - нерсенин мех. чыңалуунун аракетинен серпилгичтүү же илээшкек деформациялануу касиети.

  • Нерсенин агуучулугу илээшкектикке карама-каршы чоңдук менен мүнөздөлөт. Илээшкек нерседе (газ, суюктук) чыңалуунун ар кандай чоңдугунда, ал эми серпилгич катуу нер­седе чыңатуу «агуучулук чегинен» ашканда агуучулук пайда болот.
  • Түрдүү нерселердин агуучулук механизми да түрдүүчө. Газдардагы Нерсенин агуучулугу молекулалары көбүрөөк кыймылда болгон катмардан азыраак кыймылда болгон катмарга импульс берилген катмардан башталат. Суюктуктардагы Нерсенин агуучулугу чыңалуунун аракет багытындагы диффузияга, кристаллдуу катуу нерселерде болсо кристаллдагы ар кандай дефектилердин кыймылына байланыштуу.
  • Нерсенин агуучулугу жер кыртышында. космосто учурайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.