Номадизм
НОМАДИЗМ, көчмөндүк (грек. nomas – көчмөн) тигил же бул этностук топтун жашоо тиричилиги мал чарбачылыкка негизделип, дайыма бир жерден экинчи жерге которулуп, көчүп-конуп жүрүүгө шартталган жашоо маңызын мүнөздөөчү түшүнүк. Номадизм б.з.ч. 2-миң жылдыктын аягы – 1-миң жылдыктын башында коомдук эмгектин бөлү-нүшү ишке ашканда (дыйкандар менен малчыларга) келип чыккан. Азияны, Кара Деңиз жээктерин, Түндүк Африканы мекендеген көчмөндөр кой, эчки, төө, жылкы багышкан. Жер шартына жараша Номадизмдин үч түрү болгон:
1. меридиандык (казактар сыяктуу малды жайында түндүккө, кышында түштүккө сүрүп көчүү);
2. чөлдүк (түркмөндөр сыяктуу малды кудуктардын тегерегине жакындатып көчүү);
3. тике (кыргыздар сыяктуу малды өрөөндөгү кыштоолордон жайында бийик тоолуу жайлоого сүрүп көчүү). Кыргыздардын этностук, социалдык өнүгүүсү, материалдык, руханий маданиятынын калыптанышы көчмөндүк менен тыгыз байланыштуу. Кыргыздар Борбордук Азиянын байыркы көчмөндөрү менен бирдикте көчмөн цивилизациясын түзгөн элдерден. Татаал, кескин континенталдуу климат шартында мал багуунун, тукумун жакшыртуунун ыкмаларын иштеп чыгышкан. Материалдык маданиятынын бардык тармактары көчмөн жашоого ылайыкталган. Жердиги жыгачтан, чийден, кийизден жасалган боз үй – көчмөн устачылык чеберчилигинин туу чокусу. Ал тез тигип, тез чечүүгө, ташууга ыңгайлуу. Ки-йиз, атка токулуучу үзөңгүлүү ээр токум, шым (таар же тери) жана башка буюмдар көчмөн кыргыздардын дүйнөлүк цивилизацияга кошкон салымы. Көчмөн элдердин анын ичинде кыргыздардын оозеки чыгармачылыгы – өзгөчө баатырдык эпостору болуп көрбөгөндөй бийик деңгээлге көтөрүлүп, оозеки чыгармачылыктын дүйнөлүк эталону катары таанылды. Көчмөн жашоонун маңызы жалаң гана мал багуу менен чектелбестен, башка жардамчы чарбалар – аңчылык, соода, устачылык, зергерчилик, ошондой эле колдонмо-жасалга өнөрлөрү дагы өнүккөн. Дыйкан чарбасы да көчмөн жашоого мүнөздүү өзгөчөлүктөр менен гүлдөгөн. Кайрак жерди иштетүүдө – арпа, таруу өстүрүүдө, арык менен суу алып келүүдө көчмөндөр өздөрүнө гана таандык ыкмаларды иштеп чыгышкан. Көчмөн шартта мамлекеттик түзүүнү, өлкөнү башкаруу системасын иштеп чыгууну жакшы өздөштүрүшкөн. Хандык бийликке негизделген Евразиянын көчмөн империяларынын, анын ичинде 9–10-кылымда Борбордук Азияда түзүлгөн Кыргыз кагандыгынын дүйнөлүк тарыхтан алган орду салмактуу. Албетте, алардын айрым бир элдердин тукумун курут кылган кандуу, кыйраткыч, гүлдөгөн өрөөндөрдү тыптыйпыл кылган чабуулдары да болгон, бирок көчмөн-дөрдүн дүйнөлүк тарыхый процесстеги орду зор. Көчмөндөр менен отурукташкан элдердин ортосундагы алакалар жашоо тиричиликтин жаңы формаларын, технологияларын жаратып, жаңы этностук топтордун пайда болушун шарттаган. Жаңы этномаданий жана саясий жалпылыктарды түзгөн. Көчмөндүк өзүнүн тарыхый эволюциясында бир нече өтмө формаларды басуу аркылуу (жарым көчмөндүү, жарым отурукташкан, жакын арага мал жайуу жана башка), аягында биротоло отурукташкан жашоо моделине өткөн.
Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.