Нёйи тынчтык келишими (1919)

Википедия дан

Нёйи тынчтык келишими (1919) - Биринчи дүйнөлүк согушта (1914–18), Болгария жана жеңишке ээ болгон өлкөлөрдүн (АКШ, Улуу Британия, Франция, Италия, Япония, Греция, Румыния жана башка) ортосунда 1919-жылы 27-ноябрда Парижге жакын жердеги Нёйи-сюр-Сенде түзүлгөн. Нёйи тынчтык келишими боюнча Болгария маанилүү аймактарынан ажырап, анын Цариброд, Босилеград жана Струмица шаары жана төрт район Серб, Хорват жана Словен королдугуна берилген. Бухарест тынчтык келишиминде (1913) белгиленген Румыниянын чеги аныкталып, Түштүк Добружа Румынияга өтүп, 1940-жылы Болгарияга кайтарылган. Эгей деңизине чыгуучу Батыш Фракияны жеңген өлкөлөр ээлеп алып, 1920-жылы Грекияга берген. Болгария 2,25 млрд алтын франк репарация төлөгөн. Болгария армиясынын саны чектелип, чарбасы жанафинансы иштери Улуу Британия, Франция жана Италия мамлекеттеринин өкүлдөрүнөн турган комиссиянын көзөмөлүнө өткөн. Нёйи тынчтык келишими Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин күчүн жоготкон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]