Обелиск

Википедия дан

Обелиск - жогорулаган сайын ичкерип отурган пирамида сымал кырдуу таш мамы.

Байыркы Егппетте кеңири жайылып, көбүнчө ак сарай храм алдында эстелик катары тургузулган. Египеттен Европага алынып келген монолиттүү Обелисктер шаарды көрккө чыгаруу үчүн колдонулган. Обелисктин эстелик жанa монумент тү­рү Россияга 18-кылымда таралган. Фрун­зе шаарында Совет бийлиги үчүн курман болгондордун урматына Эмен багында Обелиск орнотулган (арх. И. А. Люб­линский, 1960).


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.