Одинцов, Михаил Петрович

Википедия дан

Одинцов, Михаил Петрович (18 ноябрь 1921 — 12 декабрь 2011) — СССРдин эмг. сиң. аскер учкучу (1967), эки жолу Советтер Союзунун Баатыры (1944[1],1945), авиациянын генерал-лейтенанты (1968).

1943-жылдан КПСС мүчөсү. 1938- жылдан Сов. Армияда. 1939-ж. Пермдеги учкучтар мектебин, 1952-ж. В. И. Ленин атн. Аскердик-саясий академияны, 1959-ж. Генштаб Аскер академиясын бүткөн. Улуу Ата Мек. согушта Түш.-Батыш, Брянск, Калинин, Воронеж, Талаа, 2- жанa 1-Украин фронтторунда салгылашкан. 215 согуштук учуш жасап, жеке өзү душмандын 2 самолётун атып түшүргөн. Согуштан кийин ААКта жооптуу кызматтарда. 1967-жылдан аскер округунун авиация командачысы. Эки Ле­нин ордени, Октябрь Революциясы, 4 Кызыл Туу, башка 4 орден жанa медалдар менен сыйланган. Свердловскиде бюсту орнотулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.

  1. Указ Президиума Верховного Совета СССР «О присвоении звания Героя Советского Союза офицерскому составу военно-воздушных сил Красной Армии» от 4 февраля 1944 года // Ведомости Верховного Совета Союза Советских Социалистических Республик : газета. — 1944. — 17 февраля (№ 10 (270)). — С. 1