Озон тешиги

Википедия дан
Антарктикадагы озон тешигинин сүрөтү, аяк оона (сентябрь) 2000.
Аяк оонадагы ( сентябрь) Антарктикадагы озон тешиги, 1957 жылдана 2001 жылга карай.
Стратосферадагы галогендердин реакциясынын жана озон менен галогендин реакциясынын схемасы

Озон (O3) катмары жерди улңтрафиолеттик (кызгылт көк нурлардын ары жагында жаткан, көзгө көрүнбөгөн нурлардан) сактайт. Озон катмары жерден 20-60 км жогору бийиктикте жайгашкан. Болжол менен алганда жерди 5 млрд. тонна озон курчап турат. Негизги озонду талкалоочулар галогендерди кармоочу газдар (фтор, хлор, бром, иод ж.б. ушул сыяктуу заттар) мисалы, хлорфторуглеводдор аэрозолдук кичине балондор аркылуу муздак түрүндө чачыратылып колдонулат. Хлордук жана фтордук углеводдор стратосферага өйдө көтөрүлүшүп, абанын катмарында 70-100 жыл жашашып, озондун молекулаларын жок кылышып анда тешик пайда кылуулары мүмкүн. Эгер озон тешиги пайда болсо, ал аркылуу жерге өткөн катуу ультрафиолет нуру жаныбарды, адамды ооруга чалдыктырып өлүмгө учуратат. Мындай коркунучту сезип 1987-ж. 50 мамлекеттин жетекчилери келечекте хлорфторуглеводдорду (фреондорду) чыгарууну 50% кыскартуу жөнүндөдө келишимге кол коюшкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4