Окутууну уюштуруу формалары

Википедия дан

Окутуунун уюштуруу формалары - (форма организации обучения или организационные формы обучения) – окуучулардын (студенттердин) саны, окутуунун убактысы жана орду, ошондой эле аны ишке ашыруунун ирети менен байланышкан окуу процессин уюштуруунун сырткы тарабы. Окутуунун уюштуруу формалары - окутуунун максатын, мазмунун, методдорун жана каражаттарын эсепке алуу менен тандалат. Жогорку жана атайын орто окуу жайларында негизги Окутуунун уюштуруу формалары катары лекция, семинар, лабораториялык жана практикалык жумуштар, консультация ж. б. колдонулат. Жалпы билим берүүчү мектептерде сабак (сөздүн тар маанисинде) окутууну уюштуруунун негизги формасы болуп эсептелет. Бирок, өткөн кылымдын 80-жылдарынын аягынан тартып биздин өлкөбүздүн мектептеринде лекциялар, семинарлар, зачеттор кеңири колдонула баштады. Окутууну уюштурууну кээ бир формасынын алкагында жекече, жуптук, топтук жана фронталдык жумуштарды жүргүзсө болот. Педагогикада булар дагы Окутуунун уюштуруу формалары катары каралат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004