Окуу дискуссиясы

Википедия дан

Окуу дискуссиясыбилим-тарбия процессинде окуучулар менен иштөөнүн бир формасы, логикалык-аналитикалык ой жүгүртүүнү өстүрүүнүн таасирдүү ыкмасы. Билим берүүнү, окутуу процессин гумандаштыруунун, демократиялаштыруунун шарттарында, инсанга багыттап окутуу (личностно-ориентированное обучение) моделинин ишке киргизилип жатышынын кырдаалында окуу дискуссиясы өзгөчө актуалдуулукка ээ болот. Бүгүнкү окутуунун жаңы модели боюнча окуучу - бул баарыдан мурда билим берүү процессинин субъектиси.

Демек, окуу-тарбия процессинде окуучунун өзүнүн индивидуалдуу ишмердигине чоң маани берилет. Бул жерде башкы нерсе – окуучунун субъективдүү активдүүлүгү, илим-билимге ич жактан кумардануусу, чындыкты өз акылы менен ачышы, өзүнүн ишенимин өз аракет-мээнети менен түзүшү, окуу материалын өзүнүн күчү менен талкуулап түшүнүшү, окуу милдеттерин чечүүдө өз күч-кубатын ич жактан мобилизациялашы. Ушундай ички активдүүлүктү, окуучунун аналитикалык-логикалык жөндөмдүүлүгүн өстүрүүдө Окутуу дискуссиясы, талаш-тартыш, диспут, диалог, «мээ чабуулу» («мозговой штурм») жана башкалар формаларда чоң роль ойнойт. Механикалык түрдө жаттоо, ой жүгүртүү катышпаган эске сактоо – бул окуучунун башындагы өлүү жүк. Бирөөдөн жасалма түрдө үйрөнгөн нерсе, тескерисинче, адамга тушоо болот. «Киши акылы кишен менен тушоо, өз акылың өзүң менен тамыр» деп элдик педагогика туура аныктаган. Өз акыл-эси, сезим-туюму менен издеп тапкан нерсе гана окуучунун чындыгы боло алат.

Бул үчүн сабакты окуу дискуссиясы формасында, б. а., окутууну окуучу маселеге, карама-каршылыкка, акыл-ой түйшүгүнө кабылгандай, түрдүү пикирлер, түшүнүктөр, позициялар кагылыша тургандай, түрдүү далилдер салыштырыла тургандай, баланын иликтөө-издөөчүлүк ишмердигине стимул түзүлө тургандай кылып уюштуруу керек. Окутуу дискуссиясы чындыкты даяр түрүндө эмес, окуучунун өз ой жүгүртүүлөрүнүн жана ой толгоолорунун, окуу материалына чыгармачылык менен мамиле жасоонун жардамы менен табууга мүмкүнчүлүк түзөт. Окуу дискуссиясын ар тарабынан терең ойлонуп уюштуруу маанилүү жана окутууну уюштуруунун бул түрүндө мугалимдин алдын ала чечимдерди таңуулабаган кылдат, чебер жетекчилиги чоң роль ойнойт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004