Окуу кызматташтыгы
Окуу кызматташтыгы – ХХ кылымдын 60–70-жылдары пайда болгон илимий-педагогикалык түшүнүк, дидактика илиминдеги салтка айланган усул-ыкмалардан айырмаланган окутуунун продуктивдүү кызматташтык жолу. ОКУУ КИТЕБИнын калыптанышында А. Г. Ривиндин корниндик методунун ролу чоң. А.Г.Ривиндин окуучулары (бир класста 10 жаштан 16 жашка чейинкилер чогуу окушкан) көбүнчө экиден чанда гана тайпаларда иштешкен. Окуудагы өнөктөштүк такай мүнөзгө ээ болгон эмес, тескерисинче өнөктөштөр дайыма алмашып турган.
Натыйжада ар бир окуучу өз тайпасынын бардык мүчөлөрү менен кезектешип иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Өнөктөшүп иштөө окуучу бала башка бирөөгө түшүндүрүп, көрсөтүп жатып, өзү дагы жаңы билимге, же болбосо жаңы билгичтикке толук өлчөмдө ээ болгонго чейин токтотулган эмес (В. К. Дьяченко). Окутуу кызматташтыгында окутуу процесси ар дайым баланын өзүнөн жашы улуу адам менен кызматташуу формасында ишке ашат, анткени, кимдир бирөөнүн жетекчилигинин астында, бирөөнүн жардамы менен ар дайым өз алдынча аракеттенгенге караганда кызматташтыкта бала күчтүү да, акылдуу да болот. Ал өзү чечүүчү кыйынчылыктардын деңгээли боюнча кыйла жогору көтөрүлөт (Л. С. Выготский). Себеби бала тышкы таасирден эмес, өсүмдүк сымал ичтен өсүп жетилет жана бул процесс ашкере индивидуалдык мүнөзгө ээ. Ошондуктан окутуу ишинде бала «өзүнө зарыл ресурстарды айлана-чөйрөдөн алуусу үчүн» мугалим жаңы материалдык каражаттарды (эркин тексттерди, окуу карточкаларын, үйрөтүүчү ленталарды) түзүп бериши керек (С. Френе). Мындайда көп нерсе педагогдун тапшырманы аткарууда окуучусуз ага кыйын болорун ишендире билүү билгичтигине көз каранды. Жаңычыл-педагог Ш. А. Амонашвили маселени «чечиш» үчүн балдардан акыл сурап кайрылуу, доскага атайылап маселенин туура эмес чечилишин жазуу, темага уккулуктуу аталыш таап келүү өтүнүчү менен балдарга кайрылуу сыяктуу окуу кызматташтыгынын бир топ алгылыктуу ыкмаларын колдонот. Окуу кызматташтыгына сабактардын милдеттери менен жыйынтыктарынын балдар менен биргеликте чечилиши, балдардын окуу аракеттеринин жол-жоболорун мугалимге ак ниеттүү эскертүүсү, тапшырмаларды жана өзүнө зарыл маалыматтарды тандоосу, тарбиячылар менен балдардын бири-биринин жумушун текшерүүсү мүнөздүү турпаты.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004