Оренбург экспедициясы

Википедия дан

Оренбург экспедициясы - 1734-ж. Сенаттын обер-секретары И. К. Кириловдун долбоору боюнча түзүлгөн.

Максаты Башк-ндын чек арасына чептер куруу болгон. Бул экспедицияга ошондой эле Россиянып Орто Азия элдери менен соода байланышын жөнгө салуу милдети да коюлган.

Оренбург экспедициясынын составына ар түрдүү кесиптеги окумуштуулар (этнограф, географ ж. б.) кирген. Оренбург экспедициясы Оренбург, Орск чептерин курууну уюштурган. Бирок анын иш-аракети көбүнчө Башк-нды башкаруу маселелери жвнa 18-кылымдын 30-жылдарындагы Башкырт көтөрүлүшунө кар­шы күрөшүү менен чектелген.

Кирилов өлгөндөн кийин (1737) Оренбург экспедициясын В. Н. Татищев, В. А. Урусов, И. И. Нешпоев жетектеген. Оренбург губ. түзүлгөндүгүнө байланыштуу 1744-ж. Оренбург экспедициясы таратылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.