Мазмунга өтүү

Орус-түрк согуштары

Википедия дан

Орус-түрк согуштары — Орусия менен Түркия ортосунда Кара деңиз жана анын аймактарына үстөмдүк кылуу үчүн болгон согуштар. 1676–1681-ж-дагы орус түрк согушу Украина Орусияга кошулгандан кийин ага Түркия агрессиясынын күчөшүнөн улам чыккан. Түркия Бахчисарай тынчтык келишимин (1681) түзүүгө аргасыз болуп, Украинанын сол жээги жана Киевдин Орусияга кошулушун тааныган, Орусия менен Түркия ортосундагы чек ара Днепр бою менен белгиленген. 1686–1700-ждагы орус түрк согушу Орусиянын Түркияга каршы «Ыйык лигага» (Австрия, Речь Посполита, Венеция) киришине байланыштуу болгон. Орус өкмөтү Түркия менен Константинополь тынчтык келишимин (1700) түзүп, Азовду алган. 1710–1713-ж-дагы орус түрк согушу швед аскеринин Полтава жанында (1709) талкаланышына байланыштуу башталып, Орусия Азовдон ажыраган. 1735–1739-ж-дагы орус түрк согушу 1733–1735-ж-дагы Орусия-Польша согушуна байланыштуу орус-түрк карама-каршылыктардын күчөшүнөн жана крым татарларынын чабуулунан чыккан. 1739-ж. Белград тынчтык келишими түзүлүп, Азов кайра Орусияга өткөн. 1768–1774-ж-дагы орус түрк согушу. Түркия Орусияга Польша аймагынан орус аскерлерин чыгаруу жөнүндө ультиматум койгон. Бирок Орусия бул ультиматумга баш ийбегендиктен, Түркия Франциянын жана Австриянын колдоосу менен 1768-ж. 25-сентябрда (6-октябрда) Орусияга согуш жарыялаган. Согуш Орусиянын жеңиши менен аяктап, 1774-ж. 10(21) июлда Күчүк-Кайнаржы тынчтык келишими түзүлгөн. Ал боюнча Орусия Кара деңизге эркин чыгууга укук алган. 1787–1791-ж-дагы орус-түрк согушу Түркиянын реванш алуу саясатына байланыштуу башталган. Түркия Крымды кайра өзүнө алгысы келип, Орусия Түндүк Причерноморьеде өзүнүн күчтөрүн бекемдөөгө жана Кавказдагы ээликтерин кеңейтүүгө умтулган. Түркия койгон ультиматумдарды Орусия аткарбагандыктан, 1787-ж. 13(24)-августта Түркия ага согуш жарыялаган. Түркия менен Орусиянын ортосунда 1791-ж. 31-июлда (11-августта) Яссы тынчтык келишими түзүлгөн. Түштүк Буг менен Днестрдин ортосундагы аймак Орусияга өткөн, Крымдын Орусияга кошулушу таанылган жана орус чек арасы Днестр дарыясы боюнча белгиленген. 1806–12-ж-дагы орус-түрк согушу да Түркиянын реванш алуу саясатына байланыштуу башталган. 1812-ж. 16 (28)-майда Бухарест тынчтык келишими түзүлүп, Бессарабия менен Батыш Грузиянын Орусияга кошулгандыгы билдирилген. 1828–1829-ж. орус-түрк согушу Европа державаларынын Осмон империясынын ээликтерин бөлүштүрүүдөгү күрөшүнөн чыккан. 1828-ж. 14(26)-апрелде Орусия Түркияга согуш жарыялаган. 1829-ж. 2(14)-сентябрда Адрианополь тынчтык келишими кабыл алынгандан кийин согуш аяктап, Ахалциха падышалыгы (Грузия) жана Кара деңиз жээктери Орусияга берилген. 1853–1856-ж-дагы орус-түрк согушу (к. Крым согушу). 1877–1878-ж-дагы орус түрк согушу Балканда улуттук-боштондук кыймылдын күчөшүнө жана эл аралык карама-каршылыктын курчушуна байланыштуу чыккан. Сан-Стефан тынчтык келишимине (1878) ылайык Түштүк Украина, Бессарабия, Крым, Түндүк-Батыш Кавказ, Кавказдын Кара деңиз жээктери, Түштүк-Батыш Грузия жана Түрк-Армениясынын түн. бөлүгү Орусияга кошулган.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]