Орус-түрк согуштары (17–19-к.)

Википедия дан

Орус-түрк согуштары (17–19-к.) – Россия менен Түркия ортосунда Кара деңиз жана анын аймактарына үстөмдүк кылуу үчүн болгон согуштар. 1676–1681-ж-дагы орус түрк согушу Украина Россияга кошулгандан кийин ага Түркия агрессиясынын күчөшүнөн улам чыккан. Түркия Бахчисарай тынчтык келишимин (1681) түзүүгө аргасыз болуп, Украинанын сол жээги жана Киевдин Россияга кошулушун тааныган, Россия менен Түркия ортосундагы чек ара Днепр бою менен белгиленген. 1686–1700-ждагы орус түрк согушу Россиянын Түркияга каршы «Ыйык лигага» (Австрия, Речь Посполита, Венеция) киришине байланыштуу болгон. Орус өкмөтү Түркия менен Константинополь тынчтык келишимин (1700) түзүп, Азовду алган. 1710–1713-ж-дагы орус түрк согушу швед аскеринин Полтава жанында (1709) талкаланышына байланыштуу башталып, Россия Азовдон ажыраган. 1735–1739-ж-дагы орус түрк согушу 1733–1735-ж-дагы Россия-Польша согушуна байланыштуу орус-түрк карама-каршылыктардын күчөшүнөн жана крым татарларынын чабуулунан чыккан. 1739-ж. Белград тынчтык келишими түзүлүп, Азов кайра Россияга өткөн. 1768–1774-ж-дагы орус түрк согушу. Түркия Россияга Польша аймагынан орус аскерлерин чыгаруу жөнүндө ультиматум койгон. Бирок Россия бул ультиматумга баш ийбегендиктен, Түркия Франциянын жана Австриянын колдоосу менен 1768-ж. 25-сентябрда (6-октябрда) Россияга согуш жарыялаган. Согуш Россиянын жеңиши менен аяктап, 1774-ж. 10(21) июлда Күчүк-Кайнаржы тынчтык келишими түзүлгөн. Ал боюнча Россия Кара деңизге эркин чыгууга укук алган. 1787–1791-ж-дагы орус-түрк согушу Түркиянын реванш алуу саясатына байланыштуу башталган. Түркия Крымды кайра өзүнө алгысы келип, Россия Түндүк Причерноморьеде өзүнүн күчтөрүн бекемдөөгө жана Кавказдагы ээликтерин кеңейтүүгө умтулган. Түркия койгон ультиматумдарды Россия аткарбагандыктан, 1787-ж. 13(24)-августта Түркия ага согуш жарыялаган. Түркия менен Россиянын ортосунда 1791-ж. 31-июлда (11-августта) Яссы тынчтык келишими түзүлгөн. Түштүк Буг менен Днестрдин ортосундагы аймак Россияга өткөн, Крымдын Россияга кошулушу таанылган жана орус чек арасы Днестр дарыясы боюнча белгиленген. 1806–12-ж-дагы орус-түрк согушу да Түркиянын реванш алуу саясатына байланыштуу башталган. 1812-ж. 16(28)-майда Бухарест тынчтык келишими түзүлүп, Бессарабия менен Батыш Грузиянын Россияга кошулгандыгы билдирилген. 1828–1829-ж. орус-түрк согушу Европа державаларынын Осмон империясынын ээликтерин бөлүштүрүүдөгү күрөшүнөн чыккан. 1828-ж. 14(26)-апрелде Россия Түркияга согуш жарыялаган. 1829-ж. 2(14)-сентябрда Адрианополь тынчтык келишими кабыл алынгандан кийин согуш аяктап, Ахалциха падышалыгы (Грузия) жана Кара деңиз жээктери Россияга берилген. 1853–1856-ж-дагы орус-түрк согушу (к. Крым согушу). 1877–1878-ж-дагы орус түрк согушу Балканда улуттук-боштондук кыймылдын күчөшүнө жана эл аралык карама-каршылыктын курчушуна байланыштуу чыккан. Сан-Стефан тынчтык келишимине (1878) ылайык Түштүк Украина, Бессарабия, Крым, Түндүк-Батыш Кавказ, Кавказдын Кара деңиз жээктери, Түштүк-Батыш Грузия жана Түрк-Армениясынын түн. бөлүгү Россияга кошулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]