Осака университети

Википедия дан

Осака университети (жап. 大阪大学, Осака Дайгаку же 阪大, Хандай) — Жапониянын эң ири жогорку окуу жайларынын бири. 1869-жылы негизделинип, 1931-жылы Осака императордук университети катары ырасмий түрдө университет макамы ыйгарылган. Университет Осака префектурасынын Тоёнака, Суйта, Мино шаарларына жана Осака шаарынын Наканосима аймагына бардыгы болуп 4 кампусту жайгаштырган. Ал Жапонияда алтынчы байыркы университетинин бири Осака префектуралык колледжи катары, ошондой эле Жапониянын Жети улуттук университеттеринин бири болуп саналат. Осака университетинде дүйнөгө белгилүү илимпоздор, мисалы, Нобель сыйлыгынын лауреаты физик Хидеки Йукава иштеген.

Дүйнөлүк ЖОЖдордун арасында 2016-жылы жогорку окуу жайларынын бул университет Жапонияда 4-мыкты орунду (Дүйнө жүзү боюнча 96-орунду) ээлейт.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Университет Эдо доорундагы Кайтокудо жана Текидзюку мектептеринин негизинде түзүлгөн деп айтылат. Кайтокудо мектеби 1724-жылы ачылган.

Түзүмү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азыркы күндө, университеттин 11 факультетинде 12000ге жакын студенттер менен 8000дей аспиранттар жана докторанттар окуп, илимий изилдөө менен алектенишет.

Факультеттердин тизмеси:

  • Адабият факультети;
  • Гуманитардык илимдер факультети;
  • Чет тилдер факультети;
  • Юридикалык факультет;
  • Экономика факультети;
  • Табигый илимдер факультети;
  • Медицина факультети;
  • Стоматологиялык факультет;
  • Фармацевтикалык факультет;
  • Инженердик факультет;
  • Инженердик илимдер факультети.

Университеттин карамагында 6 илимий-изилдөө институту, 2 оорукана жана 4 китепкана иштейт.

Университеттин чыгаан инсандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эл аралык аракети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Университет Сан-Франциско (АКШ), Гронинген (Нидерланддар) жана Бангкок(Тайланд) шаарларында өз филиалдарын ачкан.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]