Мазмунга өтүү

Пабло Гави (футболчу)

Википедия — ачык энциклопедия

Пабло Мартин Паес Гавира ( исп. Pablo Martín Páez Gavira,ˈpa.βlo maɾˈtim ˈpa.eθ ɣaˈβiɾa}} ; 5-август, 2004-жыл, Лос-Паласиос и Вильяфранка, Испания ), Гави ( исп. Gaviˈɡaβi|pron}} ) — испаниялык футболчу, Барселона клубунун жана Испания курама командасынын жарым коргоочусу . Өз теңдештеринин арасында эң таланттуу оюнчулардын бири катары эсептелинет . 2022-жылы болуп өткөн Дүйнө чемпиондугунун катышуучусу. 2022/23 УЕФА Улуттар Лигасынын жеңүүчүсү.

Портал:Футбол
Портал:Футбол
Пабло Гави (футболчу)
Жалпы маалымат
Толук аты-жөнү Пабло Мартин Паэс Гавира
Төрөлгөн датасы 5-август 2004-жыл (20 жаш )
Жарандыгы Испания
Бою 170 см см
Позициясы Борбордук жарым коргоочу
Команда тууралуу маалымат
Команда "Барселона "
Номуру 6
Карьерасы

Оюнчулар арасындагы экинчи эң жаш оюнчу, ошондой эле Испания курама командасынын тарыхындагы эң жаш гол киргизген экинчи оюнчу [1] [2] ."Барселона" академиясынын бүтүрүүчүсү ,бул клуб менен бирге Испаниянын чемпиону жана Испания Суперкубогунун жеңүүчүсү болгон.

11 жашында" Барселона" академиясына кошулуп, 2021-жылдын августунда негизги командада дебют жасаган.</img> .

Испания курама командасында дебютун 2021-жылдын октябрында жасаган</img> . Ошол эле жылы ал УЕФАнын Улуттар Лигасынын 2020/21 [3] күмүш медалынын ээси болгон. Эки жылдан кийин Гави 2022/23-жылкы Улуттар Лигасынын финалында Хорватияны утуп, улуттук курама команда менен биринчи кубогуна ээ болгон.

Клубдук карьерасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Башталгыч карьера

Гави Лос -Паласьос -и-Вильяфранка шаарында төрөлүп ,ушул эле жердеги "Лиара Баломпье "клубунда футбол менен алектене баштаган .А 2013-жылы "Реал Бетис "академиясына өткөн ."Реал Бетис " жаштар клубунда 96 гол киргизип ,Испаниянын белгилүү клубдарыны көңүлүн бурган ,алсак "Реал Мадрид ","Атлетико Мадрид ","Вильерреал"клубдары келшим түзүүнү каалашкан.

"Барселона"

2015-жылы 11 жашында Гави "Барселона " менен келишим түзөт .

2020- жылдын сентябрынла ал каталондук клуб менен биринчи кесиптик контрактын түзүп ,19 жашка чейинки командага кошулат .

"Барселона " жаштар клубундагы мыкты оюндарынан кийин негизги команданын башкы тренери Рональд Куман аны 2021-2022-ж сезондорунун сезон алдындагы курамына кошот .

2020-2021- ж.сезондо "Барселона B"курамында 2 матч ойногон соң ,Гави негизги курам менен достук оюндарына катышат ."Химнастика " жана " Жирон "командалары менен болгон оюнду жеңиш менен аяктаган соң жарым коргоочуну клубдун легендасы Хави менен салыштыра башташат .

2021/2022 сезон

2021-жылдын 29-августунда Гави Испания чемпиондугунда "Хетафеге " каршы оюндун 3- турунда алмашууга чыгып ,алгачкы дебютун жасайт .

Ушул эле жылдын 14-сентябрында чемпиондор лигасында "Баварияга "каршы оюндун 59-минутунда алмашууга чыгып ,дебют жасайт .

2021-жылы 18- декабрда Испания чемпионатында "Эльчеге" каршы оюнда "Барселона " үчүн алгачкы голун киргизет .


2022/2023- ж сезон

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2023-жылдын 15-январынла Испания суперкубогунун

финалындагы "Реал Мадрид "менен болгон оюнда Гави гол киргизип ,2 голдун ассистенти болот да ,"Барселено"трофея ээси болуп ,Пабло матчтын эң мыкты оюнчусу деп табылат .

2023-жылдын 20-июнунда "Барселена" Гавини Ла Лиганын негизиги курамынын оюнчусу катары каттоого киргизип ,2026- жылга чейин контракт түзүшөт

2023-жылдын 3- сентябрында Гави "Барселонанын" курамындагы 100 матчын ойноп ,клубдун тарыхындагы бул деңгээлге жеткен эң жаш оюнчу аталаи .2023-жылдын 19-сентябрында УЕФА нын лига чемпиондугунда "Антверпенге "каршы оюнда алгаякы голун киргизет .

  1. SidLowe How 17-year-old Gavi became Spain's present and future (англ.)(жеткиликсиз шилтеме 'тарыхы). ESPN (8 October 2021).
  2. Gavi becomes youngest ever goalscorer for Spanish national side (англ.)(жеткиликсиз шилтеме 'тарыхы). Официальный сайт ФК «Барселона» (5 June 2022).
  3. Spain vs France – Football Match Report (англ.). ESPN (10 October 2021).