Пагуош конференциялары

Википедия дан

Пагуош конференциялары – тынчтык, куралсыздануу жана эл аралык коопсуздук, илимий кызматташтык, ошондой эле дүйнөлүк термоядролук согушту болтурбоо үчүн күрөшкөн окумуштуулардын эл аралык жолугушуулары. Мындай конференцияны чакыруу демилгесин көтөрүшкөн белгилүү илимпоздор А. Эйнштейн, Ф. Жолио- Кюри, Б. Рассел, М. Борн, П. У. Бриджмен, Л. Инфельд, Л. Полинг, Ж. Ротблат ж. б. 1955-ж. атом энергиясын согуштук максатта пайдаланууга каршы чыгуу үчүн дүйнө илимпоздоруна кайрылышкан. 1957-ж. 7-11-июлда канадалык коомдук ишмер жана миллиардер Сайрус Итондун колдоосу менен анын мекени Пагуошто (Жаны Шотландия, Канада) алгачкы конференция болуп, ага 10 өлкөдөн (АКШ, СССР, Япония, Англия, Канада, Австралия, Австрия, Кытай, Франция, Польша) 22 окумуштуу катышкан. Анда Пагуош кыймылынын туруктуу комитети түзүлүп, Лондондо иштей турган болгон. Пагуош конференциялары 18 айда бир жолу дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө өтүп турат. 2013-ж. 1–5-ноябрда Стамбулда Пагуош конференциясы өткөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]