Папа облусу

Википедия дан

Папа облусу, Чиркөө аймагы, Папа мамлекети, теократиялык мамлекет – 8–19-кылымдарда Ортонку Италиядагы Рим папасы башкарган теократиялык (диний) мамлекет. Борбору – Рим шаары. Папа облусу франк королу Пипинн 756-ж. папа Стефан Пге Рим облусун, мурдагы Равени экзархаттыгынын бир бөлүгүн (Пентаполис) тартуулаганда түзүлгөн. Алгачкы мезгилде Папа облусу Каролингдер империясынын чегинде болгон; 962-жылдан Ыйык Рим империясынын курамына кирген. Иннокентий Шнүн понтификтиги астында (1198-1216) Папа облусу императорлорго көз каранды эмес аймакка айланып, 1274-ж. император Рудольф I Габсбург тарабынан расмий түрдө эгемендүү мамлекет деп таанылган. 10–12-кылымдарда папалардын бийлигинде иш жүзүндө Рим менен анын тегерегиндеги аймак гана болгон. 1143-ж. папаларга каршы чыккан көтөрүлүштүн натыйжасында Римде светтик (жарандык) бийлик кулаган. Орто кылымдарда Түндүк жана Ортонку Италиянын аймактарынын ичинен Папа облусу экономикалык өнүгүүсү боюнча төмөнүрөөк турган. Папа облусунда Италиянын башка жерлерине караганда дыйкандардын крепостнойлук көз карандылыгы көбүрөөк сакталган. 14-кылымда Римде, Перуджада (1368–69, 1371, 1375), Болоньяда (1376) Папа облусундагы жарандык бийликке каршы көтөрүлүштөр чыгып, 1377-жылга жакын Папа облусундагы шаарлардын ичинен папалардын бийлиги алдында Рим менен Римини эле калган. 15-кылымдан баштап папалар өз аймагын кеңейтүүгө көнүл бура башташкан. Орто кылымдарда Папа облусу анча борборлошкон эмес, 16–18-кылымдарда гана папанын абс. режими өкүм сүргөн. Италияда Наполеондун бийлиги күч алып турган мезгилде (18-кылымдын аягы – 1814) Папа облусунун аймагында Рим республикасы (1798–99) болгон. 1809-ж. Папа облусу Франциянын курамына кирген. Вена конгресси (1814–1815) аны калыбына келтирген соң анда феодалдык-клерикалдык реакция күчөгөн. 1848–1849-жылдары папалык Рим Италиядагы буржуазиялык революциячыл борборлордун бирине айланган. 1849-ж. февралда папанын бийлиги кулагандан кийин Рим республикасы жарыяланган. Бирок европалык контрреволюциячылардын жардамы менен кыйраган. 1859–60-жылдары революциянын жүрүшүндө Папа облусунан Романья (1860, март), Умбрия жана Марке (1860, ноябрь) бөлүнүп, Сардиния королдугуна бириккен. Римдин 1870-ж. Италия королдугуна (1861-ж. түзүлгөн) биригиши менен Папа облусу жоюлган. Латеран келишимдерине ылайык 1929-ж. Рим шаарынын бир бөлүгүндө анча чон эмес Папа мамлекети (Ватикан) түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]